www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга белгилүү блогерлердин бири Азирет Осмонов жакын досу маркум Бекжан Темирхан тууралуу пикирин айтып, шоу бизнестин өкүлдөрүнө нараазчылыгын социалдык тармагы аркылуу билдирди.

-- Биз кечээ Бекжан досубуздун айлына барып жерге берип келдик. Бул дүйнөгө баарыбыз конок, эртең жомок экенбиз. Бекжан эмне деген таланттуу жаркылдаган, ичинде кири жок эле. Кудай Бейиштен орун берсин.

Айта турчу бир сөзүм бар. Ошол окуя болгон күнү Кеминден Болсун деген дос балабыз чалып:

-- Бекжан менен Талгар авария болуп кетти. Бекжандын абалы оор. Кеминге батыраак келгиле, деди.

Бул жактан досторубуз менен жолго чыктык. Бир нече убакыттан кийин кайра чалды.

-- Бекжан үзүлүп кетти. Токмок шаарындагы моргго келгиле, - деди.

Биз моргго барган учурда Бекжандын сөөгү жаңы эле моргго келип түшкөн экен. Ошол жерде он чакты эле адам бар болчу, баарыбыз ал жерден сүйлөштүк, “туугандар, суук кабарды эч жакка чыгармай жок, азыр Бекжандын ата-энеси, тууган уругу, бир туугандары, жакындары уга элек” деп, чечтик.

Бир убактытта кайдан-жайдан белгисиз, ошол эле учурда интернетке шоу бизнесте чогу эле жүргөн адамдардын аккаунттарына посторуна, “Бекжан кайтыш болду” деп маалымат чыга баштады.

Эми туугандар элестеткиле, ата-энеси, жакындары Бекжан каза боло электе, суук кабарды интернеттен укканда кандай абалда болот. Ошол маалыматты биринчи өзүңөр тактадыңарбы? Менимче өзүңөр тактабай эле чыгардыңар. Ушул замандын адамдарына аябай таң калдым, хайп менен лайкка ушунчалык кул болуп калыпсыңар, жок дегенде ошол маалыматты сурап чалып койбой, тескерисинче сүйүнчүлөгөндөй укмуш бат тараттыңар. Болбосо айрымдарыңар өмүрүңөрдө Бекжандын чыгармачылыгын же болбосо бир ырларын лентаңарга же постуңарга жүктөп көргөн эмессиңер. ...

Туугандар, негизи эле лайк менен хайптан сырткары адамдык сапат, адамдык мүнөз болуш керек. Кыргызда, жаман кабар менен жакшы кабар жеткирүүнүн  өзүнүн адеби барда. Өзүңөрдү ордуңарга коюп көрсөңөр, Бекжандын ата-энеси, жакындары интернеттен суук маалыматты окуганда кандай абалда калды, деп ойлойсуңар. Кичине тереңирээк ой жүгүртпөсүңөрбү?

Көрсө, бул жакты карап күлүп, бул жакты карап жамандап, аябай эки жүздүүлүк заманда жашап калган турбайбызбы? Интернеттин ичине кирип жашап атабыз, Бекжанга ошончолук күйсөңөр, ошончолук жакын болсоңор барып Куран окуп, топурак таштап келишиңер керек болчу. Мындай кылганыңар уят, кичине ойлонгула. Туугандар кичине адам бололу!, - дейт Азирет Осмонов.

Эске сала кетсек, автокырсыктан каза тапкан ырчы Бекжан Темирханды акыркы сапарга узатуу зыйнаты 12-ноябрда болуп өттү.

Маркумдун санаалаштары билдиргендей, ырчынын сөөгү Аксы районунун Беш-Коро айылында жерге берилди.

Кыргыз элине "Эзилип бүттүм" ыры менен таанылган Бекжан Темирхан менен досу 10-ноябрда Кемин районунда жол кырсыгынан дүйнөдөн кайтты. Кыска убакыт аралыгында казак, кыргыз, өзбек элине таанылган ырчынын үйлөнгөнүнө болгону 14 күн болгон эле.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости