www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Стамбулдун Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан 6 кишинин каза болгонун, 53 кишинин жараланганын билдирди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.

Президент Эрдоган Индонезияга кетер алдында борбор шаар Анкарада маалымат жыйын өткөрүп, Истиклал көчөсүндө болгон жардыруудан 6 кишинин каза болгонун, 53 кишинин жараланганын билдирди.

Азырынча тактала элек алгачкы тыянактардын террордук кол салууга ишарат кылганын айткан Эрдоган, окуяда «аялдын ролу» болгонун айтып: "Улутубуз окуянын күнөөкөрлөрү татыктуу жазасын аларына ишениши керек. Мамлекетибиздин тиешелүү бөлүмдөрү бул чыккынчылык чабуулдун күнөөкөрлөрүн жана анын артында турган адамдарды ачуу иштерин улантууда", - деп айтты.

Истиклал көчөсүндө Түркия убактысы боюнча саат 16.20да жарылуу болуп, аймакка көп сандаган тез жардам унаасы жана өрт өчүрүүчүлөр жөнөтүлдү.

Последние новости