www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Адамдан амал качып кутулбайт”. Шаардын көчөлөрүндө кайыр сурагандардын саны арбыды. Анысы аз келгенсип, айрым кайыр сураган адамдар кийинки убакта кайыр бербеген адамга асыла турган өнөр таап алышты. Мейли эми анысы.

Кайыр сурагандардын басымдуу бөлүгү майыптар. Бирок арасында дени-башы соо эле адамдар майыптын образына кирип, оокат кылып жүргөндөрүн көп кезиктире баштадык. Айтсак, жакында белгисиз шаар тургундары андайлардын биринин жүзүн ачты. Анда бир көргөндө колу жок, ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жаш эле бала аларга кайыр сурап кайрылган. Бирок балдар анын майыптыгына ишенген эмес. Акырында алардын божомолу туурасынан чыгып ал болгону колун кийиминин ичине катып алыптыр. Кайыр сураган баланын айтымында ал мындай жол менен айына 50 миң сомго чейин киреше табат экен.  Видео vesti.kg сайтынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости