www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Пакистандын Карачи шаарына жакын жерде үйлөрдүн үстүнө кулаган "Пакистан эл аралык авиалиниялары" компаниясына таандык "Airbus 320" учагынын кара кутусу издөө тобу тарабынан табылды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, диспетчер учактын учкучуна сол жакка кетип бара жатканын айткан. Анда учкуч: "Биз түз баратабыз, кыймылдаткыч иштебей калды" деп жооп берген. Кийинчерээк аэропорттон ага конуу тилкесинин номуру айтылган. "Кабыл алынды" деп жооп бергенден кийин учкуч жардам сигналын баскан. Учактан тышкары 5 үй жана бир нече автоунаа кыйраган. Flightradar24 кызматынын маалыматына караганда, учак 1,5 сааттан кийин конууга багыт алып, бирок 84 метр бийиктиктен кулаган
Ошондой эле учак кырсыгынан кеминде 90дон ашуун адам көз жумганы айтылса, ал эми бүгүн, 22-майда аталган кырсыктан эки киши тирүү калганын РИА Новости Bol news агенттигине шилтеме берип жазды.
Эске салсак, буга чейин Пакистанда жүргүнчү ташыган "Airbus 320" учагы кулагандыгы кабарланган.
Булак: NazarNews.org