www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

УКМК энергетика тармагындагы коррупцияга бөгөт коюу максатында жүргүзүп жаткан иштеринин жүрүшүндө мыйзамсыз иштеген майнинг-фермаларды тапты. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кыргызстандын жарандары М.Д.О. жана А.Н.Р. «Түндүк электр» компаниясынын кызматкерлеринин жардамы менен криптовалюта өндүргөн майнинг-ферма уюштурганы аныкталды.

7-сентябрда Бишкек шаарында жана Чүй облусунун Сокулук районунун Ново-Павловка айылында мыйзамсыз иш алып барган 2 майнинг-ферма табылды. Ал жерлерде жыл башынан бери 500 майнинг аппарат иштеп келген.

«Түндүк электр» компаниясынын алдын ала маалыматына караганда, электр энергияны уурдоодон 20 млн сом зыян келтирилди.

4-сентябрда «Бишкек» эркин экономикалык аймагында дагы 200 майнинг-аппарат бар контейнер табылган.

Учурда келтирилген зыянды өндүрүү жана майнинг-ферма уюштурган адамдарды жоопко тартуу иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости