www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шайлоого аттанган саясий же муниципалдык кызматты ээлеген адам кызматын тапшыруусу керек. Бул тууралуу бүгүн, 8-сентябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Ал өз сөзүндө шайлоо эрежелери жана талаптарын тизмектеди.

«Бул шайлоо жаңы тартип менен аралаш системада өтөт. Мында бир мандаттуу жана ачык тизмелер менен талапкерлер шайланат. 18-октябрга чейин талапкерлер документтери тапшыруусу керек.
Талапкерлер бир учурда эки округ менен көрсөтүлүүгө укуктуу эмес. Алар партиянын аты менен көрсөтүлөт. Талапкерлердин 70 пайыздан көп эмеси мырзалар болсо, 30 пайыздан ашыгы айымдар болушу зарыл.

Алдыдагы Жогорку Кеңешке шайлоого катышуу үчүн мамлекеттик же муниципалдык кызматтарагы саясий кызматтарды ээлеген аткаминерлер кызматынан кетиши керек. Мурда саясий кызматтарда жетекчилик орундарды ээлеген жарандар ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышчу. Ал эми административдик кызматты ээлеген жарандар өзүнүн ишмердүүлүгүн убактылуу токтотуп, шайлоого катыша алышат», – деди төрайым.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 28-ноябрга белгиленди. Ал эми үгүт иштери 29-октябрдан баштап 27-ноябрга чейин болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости