www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Британдыктар Европаны каптаган энергетикалык кризистин шартында катаал кышка даярданууда. Бул тууралуу жакында өлкөнүн айрым жетекчи кызматкерлери билдирди. Мындай маалыматты NazarNews маалымат агенттигине кытайлык CCTV-plus агенттиги билдирди.

Улуу Британиянын премьер-министри Борис Джонсон ишемби күнү Улуу Британиянын Daily Mail гезитинде кышкы электр энергиясына болгон төлөмдөр болуп көрбөгөндөй кымбаттап, келерки айлар оор болот деген макаласын жарыялады. Ал энергетикалык баанын кескин көтөрүлүшүнүн себеби Орусиянын президенти Владимир Путин баштаган Украинага каршы «атайын аскердик операциясы» экенин белгиледи.

Шотландиялыктар 27-августта Глазгодогу энергетикалык жөнгө салуучу мекеменин имаратынын алдына чогулуп, баанын көтөрүлүшүнө каршылык иретинде электр энергиясына болгон төлөмдөрдү өрттөштү, деп жазат The Independent.

Демонстранттар Лондондун көчөлөрүнө да өлкөнүн энергетикалык жөнгө салуучу Газ жана электр рыногун көзөмөлдөө башкармалыгы (Ofgem) жарыялаган энергияга болгон баанын жогорулашына байланыштуу чыгышты.

Cornwall Insight консалтинг компаниясынын талдоочулары, өз кезегинде, энергиянын дүң баасынын өсүшүнөн улам, келерки жылдын апрель айында жөнөкөй үй чарбалары үчүн электр энергиясына болгон чектүү баа рекорддук £ 6,089 жетиши мүмкүн деп эсептешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости