www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Юстиция министрлиги быйылкы жылы 7 миңден ашык юридикалык жактарды каттады. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта Юридикалык жактарды каттоо башкармалыгынын жетекчиси Урмат Акулуев NazarNews маалымат агенттигине билдирди.

Анын айтымында юридикалык жактарды каттоодо электрондук система дагы ишке киргизилген.

--“Юстиция министрлиги санариптештирүү тармагында абдан жакшы жетишкендиктерге жетти. Мисалы, юридикалык жактарды каттоо жана кайрадан каттоодо электрондук “Түндүк” системасы аркылуу иштеп жатабыз. Бул башка мамлекеттик кызматтар менен байланышканда жана катталып жаткан жактарды текшерүүдө абдан ыңгайлуу шарт түзүүдө. Жарандар үйүнөн эле электрондук система аркылуу бардык тиешелүү документтерди толтурса болот.

Анан бизге келип, арыз жазып, чогултулган документтерин тапшыруусу зарыл. Юстиция министрлигине жазуу жүзүндөгү арызын жөнөтүү абзел. Коммерциялык уюмдар 3 күндө, ал эми комерциялык эмес уюмдар 10 күндүн ичинде суроо-талаптарынын жоопторун ала алышат.  

Юстиция министрлигине, ар кандай мамлекеттик органдарга, жарандарга жана юридикалык жактарга укуктук жардам көрсөтүүдөгү өлкөбүздүн аткаруу бийлигинин органдарынын тутумунда маанилүү координациялык роль бөлүнгөн.

Өткөн жылдардагы иштин жыйынтыктары юстиция тутуму алдына коюлган максаттарды эффективдүү аткарып жана ийгиликтүү өнүгүп жаткандыгын көрсөттү”, - дейт жетекчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости