www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Ысык-Көлдү сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекордду жаңыртам” дейт сууда сүзүү боюнча эл аралык даражадагы спортчу Владислав Шулико кечээ, 4-августта NazarNews маалымат агенттигине. 

--“Биз Эл аралык деңгээлдеги спортчулар менен байланышып көрдүк. Тилекке каршы баары тең Ысык-Көлдү сүзүп өтүүгө макул болгон жок. Туурасына болсо макул бирок, анчалык узундукка сүзбөйбүз деп айтышты. Көлдүн узундугу 182 км ал эми, туурасы 58 км. Ушул аралыкты сүзүп өтүп, Ысык-көлдү, Кыргызстанды дүйнөгө тааныткым келет. Бул иш-чарага КМШ өлкөлөрүндө биринчи жолу уюштурулуп жатат”, - деди спортчу.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда эл аралык деңгээлдеги “Issyk-Kul Swim 181”, “GAMMA REvolution Fest’21” жана “Issyk-Kol Race 2021” деген аталыштагы марафон өткөрүлөт. “GAMMA” марафону 24-29-августка чейин уланып, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдө өткөрүлөт.

Аталган марафондун негизинде Ысык-Көлдө сууга сүзүү, веложарыш, шахмат болот. Ошону менен катар блогерлердин, IT тармагынын өкүлдөрүнүн жана ишкерлердин форуму өткөрүлөт. Мындан сырткары кино фестивалы дагы уюштурулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости