www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Айсулуунун медалын тагынып түшсө эмне болот экен? Кыргызда жакшы нерсени илгертен ырым кылып келет", - деди бүгүн, 5-августта NazarNews маалымат агенттигине Азиянын Күрөш Федерациясынын Кеӊешинин аткаруу комитетинин мүчөсү Мелис Турганбаев.

- Мелис мырза, акыркы болгон окуялардан кийин маанайыңыз кандай?

- Кудайга шүгүр, жакшы. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарында 2 күмүш, бир коло алып атсак, маанайыбыз жакшы болот да. Буйрук экен, Акжол менен Айсулуунун алтын медаль тагынганга толук мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Бирок, айла жок, жеңиш колдон чыгып кетти. Буга да каниет кылалы. Ал эми Медет кызы Айпери менен Мээрим Жуманазарованын күрөшкөнүн баарыбыз күбө болодук, алар эң мыкты күрөштү көрсөтүштү. Айпери дагы медалга жете турган жерде эле. Кудай буйруса, кийинки Олимпиада оюндарында биздин балбандар бир эмес бир нече алтын медаль тагынышат деп тилек кылып туралы.

- Сиздин кечээ күнү күмүш медалга ээ болгон Айсулуунун медалын тагынып түшкөн сүрөтүңүздү сындагандар болууда. Бул боюнча эмне айтасыз?

- Мен буга катуу эле айтайынчы. Бул эми жеткен акмакчылык да. Сындаганды гана билгендер жана жүзү жок фейктер ошол сүрөттү сындап жазышыптыр. Анан алардын "былжыраган" кептерин жергиликтүү маалымат агенттиги ала калып, элге таратыптыр. Жазардын алдында ошол сайттагылар экинчи тараптын пикири деп менден сурап коюшкан жок. Ал сүрөттү сындагандарды көрө албастык кылып жаткандардын жеткен билимсиздиги жана акмакчылыгы деп баалайт элем. Мен кыргыз спортуна, анын ичинен күрөшкө асмандан түшүп калган адам эмесмин.

Белгилеп айта кетсек, 1998-жылдан бери күрөштүн ысык-суугуна күйүп, тоңуп жүрөм. Мына андан бери 23 жыл өттү. Ушул мезгилдин ичинде кыргыз спортунун алдыга жылышына аз да болсо өз салымызды коштук. Көптөгөн балбандарды таптадык, дем күч-кубат бердик. Моралдык жана материалдык жактан да колдоого алдык. Өзүм да спортко кошкон салымым болсун, Кыргызстандын аты жакшы жагынан чыгып турсун деп Ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионатына 3 жолу катышып, биринчисинде коло, андан кийин алтын утуп, чемпион болдум.

Токиодогу Олипиадага катышып жаткан балбандардын дээрлик баарына колдоо көрсөтүп, ушул деңгээлге чыгышына көмөк кылып келдик. Айсулуунун медалын тагынып түшсө эмне болот экен? Ал өзүмдүн карындашым да. Ошол жерге баргандын көбү тагынып, кармап түшүп жатышат. Кыргызда жакшы нерсени илгертен ырым кылып келет. Биз да ырым катары тагындык. Мунун эч кандай жаманчылыгы жок. Ушуну түшүнбөгөндөр түшүнүп алышсын.

- Сиздин Токиого барганыңызды да сындаган «баатырларга» эмне дейт элеңиз?

- Ошол ооздоруна алы жетпеген «баатырлар» бир нерсени түшүнүп алып, анан сындашсын. Мен Токиого мамлекеттин эсебинен барган жокмун. Мен быйыл апрель айында төрт жылдык мөөнөткө иштөө үчүн Азия Күрөш Кеӊешинин аткаруу комитетинин мүчөсү болуп шайлангам. Мына ошол комитеттин квотасы менен бардым. Мени Олимпиадага барышкан айрым чиновниктер менен алымаштырышпасын. Мен спорт адамымымын. Күрөш спортунун көшөгө артында дагы ар кандай талаш-тартыш болуп турарын көпчүлүк жакшы билишпейт да. Биз да андай көрүнүштөргө катуу туруп, өз таламыбызды талашып, өз милдетибизди аткарып жүрөбүз. Ал жерде көбүнчө ар кайсы мамлекеттин дипломаттары жүрүшөт: «кайсы жерден кандай кылып жиберсек», - дегенсишип. Айтор айтып, ушул сындуу көрүнүштөр көп болот. Ушундан улам кыргыз балбандарына биздин ал жерде жүргөнүбүз чоң күч-кубат жана колдоо болуп жатканын бизге өздөрү айтып жатышат. Деги эле биз кыргыздар, бири-бирибизди колдоп, бири-бирибизге жакшы сөз айтканды көбүрөөк өздөштүрсөк жакшы болот эле. Көрө албастык бардык жакшы эмес иштердин башаты экенин терең түшүнүшүбуз зарыл.

Эске сала кетсек, Азия Күрөш Кеӊешинин аткаруу комитетинине быйыл 7 адам мүчө болуп шайланышкан.

Алар:

1.Турлыханов Даулет (Казакстан)

2.Ли, Кеннет Оливер (Корея)

3.Турганбаев Мелис (Кыргызстан)

4.Аль Магреби Абдулла (Йемен)

5.Буяндельген Пельджи (Монголия)

6.Фукуда, Коджи (Япония)

7.Жанг, Йе (Кытай)

Булак: NazarNews.kg

Последние новости