www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аркарбек Мамытов:

"Аскар Акаевич сизди бир кой союп конок кылайын" дейт жарандык активист Аркарбек Мамытов.  

--"Аскар Акаевич Тогуз-Тородогу "Макмалдан" уурдалган 2 тонна алтындын бир тоннасын аш кылып кетсе да, жок дегенде бир тоннасын кайтарып берсин. 

Бир тонна алтын орто эсеп менен 5 млрд сом болот экен. 

Бул акча менен Тогуз-Торонун болгон проблемасын чечип, гүлдөгөн районго айлантса болот.

1млрд 200 млн сомуна 4 миң гектар кайрак жерге суу чыгарса болот. 10 млн сомго саатына 60 тонна асфальт даярдай турган асфальт-бетон завод курса болот. 15 млн сомго суткасына 2 тонна сүттү кайра иштетүүчү завод курса болот. 600 млн сомго Казарман айылын толук таза суу менен камсыздоо.

Казарман айылына толук канализация системасын киргизүүгө 400 млн сом. Райондун борбору менен айылдарды байланыштырган ички 80 км жолду асфальттаганга 300 млн сом. Ар бир айылда айыл чарбасын өнүктүрүүгө багытталган долбоорду ишке ашыруу үчүн 20 млн сомдон грантка берүү жалпы 200 млн сом.

Булардан башка да бир топ иштерди жазаса болот. Баалар болжол менен эсептелди.

2 тонна алтынды уурдабай жок дегенде 1 тоннасын Тогуз-Торого жумшаганда кандай сонун иштер бүтүп, эл жыргап жашап калмак. 1 тонна алтын 30 миңге жакын калкы бар бүтүндөй бир районду гүлдөтмөк.

Алтын чыккан Тогуз-Торонун абалы азыр кандай экенин келип өз көзүңүз менен көрүп кетиңиз Аскар Акаевич. Бир кой союп конок кылайын", - дейт Мамытов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости