www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ВИДЕО - Чачын кырктырып... Жээнбеков түрмөгө даярданып жатат

Экс-депутат Равшан Жээнбеков жакын арада камалышын күтүп, түрмөгө даярданып жатат. Бул тууралуу ал Facebook баракчасына жазып чыкты.

Биринчи кезекте ал чач тарачка барып, чачын кырктырды, анткени тергөө абагында бул үчүн эч кандай шарт жок.

"Түрмөдө көптөгөн көйгөйлөр бар. Алардын бири чач тарачтын жоктугу. Ушундан улам биз өзүбүз станок сатып алып бири–бирибиздин же өзүбүздүн чачыбызды өзүбүз кыркышыбыз керек. Бүгүн мен чач тарачка барып чачымды кырктырдым. Ошентип, мен кайра түрмөгө барууга даярмын. Бул көрүнүш өзгөчө акыркы 20 жылдан бери активдүү саясатта жүрүп, демократия, адам укуктар жана эркиндик үчүн жигердүү күрөшкөн адамдын саясатчынын тагдыры, жолу. Саясатчылардын артынан кууп, түрмөгө отургузуунун аягы жакшы жакка, ийгилекке алып келбейт. Менимче, менин кесиптештерим, бийликтеги досторум муну түшүнүшөт ", - деди Жээнбеков.

Кечээ ал Kaktus.mediaга берген маегинде прокуратура аны камакка алуу өтүнүчү менен сотко кайрылганын айтты.

Равшан Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча козголгон кылмыш ишинин айыпталуучуларынын бири.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости