www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түрк ишкери "мени Жогорку Кеңештин депутаты коркутуп, бизнесимди тартып алды" деп президент Сооронбай Жээнбековго кайрылган болчу. Буга байланыштуу аты аталган депутат аталган кырдаалга өз пикирин билдирди. Анын тексти төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

"Достор, соңку эки күндө, менин дарегиме ар кыл сын пикирлер, курулай дооматтар жана каралоо болуп кетти. Боордош элдин жараны, достук мамиледеги түрк элинин өкүлү катары сыйлап, унчукпай, теңелбейин деген пикирде элем. Тилекке каршы, жеке кат куржунума келген суроолор жооп кайтарууга мажбур кылды. Бардыгыңыздарга эле бир жооп берейин.
1. Жогорку Кеңештин депутаты ишкердик менен алектенгенге укугу жок. Мыйзамды туу туткан адам катары мыйзамга каршы кадамдарга барбайм. Ишкердик менен алектенбейм.
2. Мага доо койулган “Таксим- бир туугандар” кафесине менин тиешем жок. Кафенин орду менин тууганым Чынара Султанбековага таяэнесинен калган мурас. Бирок, мен ар бир тууганымдын мүлкүнө ээлик да, ишмердигине жооп берип, таасир да бере албайм. Ал менчик ээсинин жеке иши.
3. Түрк жараны Ифлазоглу Али “шартыма көнбөсөңөр” коомго чыгып, өч алам, тажрыйбам бар, “көргүлүктү көргөзөм” деген сыяктуу коркутууларды айтып жүргөнүн социалдык түйүндөргө кайрылуусу чыккандан кийин билдим. Демек, мени каралоого атайын жасалган кадам катары баалоого толук негиз бар.
4. Кадыр-баркыма шек келтирилип, намысыма тийгизген сокку болгондуктан сотко кайрылып, калыстыкты талап кылууга мажбурмун. Бул менин башкы мыйзам кепилдик берген укугум.
5. Ленин райондук сотуна менин ар намысымды коргоо боюнча доо арызымды өткөрүп, 1 млн сом доо койдум. Сот ишти акыйкат карап, жеңип чыксам 1 млн сомду, COVID-19дан жабыр тарткан чынчыл ишкерлердин эсебине которуп берүүнү туура көрдүм.
6. Эгерде, түрк ишкери, мага коюлган дооматын далилдеп берсе, менин “коркутканымды” айгинелесе мыйзам алдында жооп берүүгө даярмын.
7. Түрк ишкери, чын эле инвестор болсо, “Таксим бир туугандар” кафеси 11 жыл аралыгында өлкө казынасына канча төлөм кирештегенин салык кызматынынтолугу менен дыкат текшерип берүүсүн талап кылам. Ошондой эле, каржы полициясы инвестор катары мамлекетке канча каражат кирештегенин карап, ишмердигин текшерүүгө алып өз баасын берүүгө чакырам.

Урматтуу достор, кырдаалга атайын саясий өңүт берилип, түрк ишкеринин артында оппоненттерим турбайт деген кепилдик жок. Андыктан, укук коргоо кызматтары юридикалык баа бермейинче бир жактуу каралоону токтото турууну, иштин чын төгүнүнө жетүүгө өзүм дагы кызыктар экенимди билдирем. Дагы бир жолу, кафенин ишмердигине тиешем жоктугун белгилейм", - деди Алмазбек Акматов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости