www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 1-декабрда Американын Кыргызстандагы элчилиги мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовго кылмыш ишинин козголушун кубаттаган пикирин “Твиттердеги” расмий баракчасына жарыялаган. Буга байланыштуу кыргыз жарандары АКШ  ички саясатка аралашууда деп нааразы болууда.

АКШ Райымбек Матраимовдун шылтоосу менен ички саясатка аралашып, кандайдыр бир кызыкчылыкты көздөп жатат. Бул туулалуу NazarNews маалымат агенттигине Ыктыяр Адылбеков билдирди. 

--“Урматтуу кыргыз эли, сиздерге кайрылууга туура келди. Мени тынчсыздандырган маселе чыкты. Биздин УКМКга Американын элчилиги Райымбек Матраимовду камап бергиле деген билдирүүсү түшкөнү тууралуу маалыматты окудум. Америка Кыргызстандын ички саясатына аралашып баштады. АКШнын ички маселебизге, саясатыбызга киришкени кыйын маселе. Алар каалагандай бул адамды, тигил адамды камап бергиле дегендей булар ким? Ички саясатка аралашып жатканы жакшы жышаан эмес. Булардын максатын биз билбейбиз. Мисал катары айтсам, Ирактын дагы ички саясатына аралашкан. Мына, аягында коопту жагдайлар жаралды. Башка мамлекеттерге келген коркунуч бизге дагы келбейт деп эч ким кепилдик бере албайт.

Кыргызстанга жакын өлкө катары саналган Россия дагы биздин ички саясатка аралашпайт. Анан АКШнын кылыктарына кантип кайдыгер карайбыз. АКШынын элчилиги кечээ Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине Райымбек Матраимов боюнча билдирүүсүн шылтоо кылып, ички саясатка киришкени айдан ачык көрүнүп калды. Ошондуктан кыргыз элинин эр-азаматтарына, уул-кыздарына, калын журтка кайрылам.

Четте карап турбай мындай маселелерге убагында чекит коёлу. Ал эми бийлик өкүлдөрү, Тышкы иштер министрлиги өздөрүнүн жообун берет деп ишенем. Мындай чоң өлкөлөрдүн айтканын аткарып отурсак, алардын кабанак итиндей болуп калабыз. Кантсе дагы, Кыргызстандын жараны, өзүбүздүн адамдарды өзүбүз коргойлу. Эгер булардын айтканын кылсак, келечегибизди талкалайбыз,”- деп кайрылган Адылбеков.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости