www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балбак Түлөбаев: “5 миллион сом каражатты катып койгом”

Бишкектин мектептери азыр жеке коргонуу каражаттарынын жоктугунан балдарды кабыл алууга даяр эмес. Бул тууралуу бүгүн, 2-декабрда депутат Валентина Лисниченко Бишкек шаардык кеңешинин сессиясында билдирди.

Ал белгилегендей, билим берүү мекемелеринде баардыгын өз эсебинен сатып алууга мүмкүнчүлүк жок.

“Эгерде биз январь айында мектептерди ачсак, анда аларды кантип коргоо каражаттары менен камсыз кылабыз: мисалы, дезинфекциялык лампалар? Бүгүнкү күндө мектептерде хлордоочу каражаттар жок. Коомдук бирикмелер жана фонддор азыр иштебей жатат, алар аркылуу мектеп администрациясы бардык коргоочу шаймандарды сатып ала алат. Бул маселени кантип чечебиз? Бул олуттуу маселе”, – деди ал.

Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардык бюджеттен каражат табылышы мүмкүн деп жооп берди. Ал бул маселени чечип берем деп ишендирди.

“Чынын айтсам, мен 5 миллион сомго жакын каражатты катып койгом. Балким, мен аларды мектептер үчүн, биздин балдар үчүн берем. Өзүмдүн фондуман”, – деди Түлөбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости