www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Эки жылдан бери жолдошум Дүйшөнбек Зилалиевдин айланасында болгон соттук башаламандыкты көрүп келебиз. Менин жолдошум ар дайым мыйзамдын чегинде  гана иштеп келген” – деп билдирди журналисттерге бүгүн, 2-декабрда экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин жубайы Зульфия Зилалиева.

“Ушундай башаламандыктын бардыгын мурунку бийлик уюштурган. Анын өзгөрүшү менен соттор мыйзамдын өкүлдөрү экендигин эстеп, жолдошумдун ишин объективдүү жана адилеттүү карашат деп ишенем” – деп билдирди ал.

Ал 2 жылдан бери балдары куса болуп, атасын сурап жатышканын билдирди.

“Ата-энелер атасынын күнөөсүз экендигин түшүнүп, аны күтүп, балдардын кайгылуу болушун көрүү канчалык кыйын экенин түшүнүшөт. Кантсе да, болуп жаткан адилетсиздикти алар буга чейин эле билишет, аны мен менен чогуу баштан өткөрүп жатышат. Эми биз акыйкат чечим чыгып, акталып чыгат деген үмүттөбүз” – деп кошумчалады ал.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкек шаардык соту мурдагы вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиевдин ишин карай баштады.

Эске салсак, 2010-2017-жылдары Дүйшөнбек Зилалиевге Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин 308-10-беренеси («Мыйзамсыз баюу») боюнча кылмыш ишин козгогон. Ошонун негизинде, 2018-жылдын 8-декабрында УКМК тарабынан камакка алынган. Быйыл, августта тоо-кен тармагында лицензия берүү боюнча «Коррупция» беренеси менен жаңы иш козголгон. Мындай айыптарды четке кагып келет. Анын адвокатынын айтымында, “Зилалиев мыйзамсыз байыган” деген айып негизсиз, себеби ал кызматтан түшкөндөн кийин байыган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости