www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга айылынын тургуну Болот Асаналиев президент Садыр Жапаровго бүгүн, 2-мартта NazarNews маалымат агенттиги аркылуу кайрылуу жасады.

--“Урматтуу Садыр Нургожоевич 1995-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Тамга жана Тосор айылындагы Барскоондун суусуна цианид агып, элдин баары ууланган. Анда көпчүлүгү ден-соолугунан ажыраган. Ал кездеги бийлик өкүлдөрү бизди кыйнап ар кайсы жерге көчүрүштү. Бийлик тарабынан көрбөгөн кордукту көрдүк десем болот. Себеби, башында “ууланды” деген справка беришкен. Бирок кийин берген справкаларын кайрадан жыйнап алышты. Элдин каршылыгына карабай, милиция кызматкерлери менен барып, үйлөрдү тинтип, справкаларды чогултуп кетишти. Тургундар буга чыдабай митингге дагы чыкты. Барскоон, Тосор жана Тамга айылындарынын айрым тургундарына 400 миң сомдон акча беришиптир. Тилекке каршы баарына тегиз бербей элди нааразы кылышты. Баарыбыз ууланып, ден-соолугубуздан айрылдык. Келиндерибиз боюнан алдыртышты. Андыктан биз дагы даарыланууга акча төлөнүп берилүүсүн талап кылабыз. Ошондон бери эл унчукпай келди. Азыр эл буга чыдабай, “Кумтөрдүн” жолун тособуз дешүүдө. Урматтуу Садыр Нургожоевич ден-соолугунан ажыраган карапайым эл сизге кайрылууга мажбурбуз. Биздин айылга барып биздин үнүбүздү угуңуз. Маселебизди жеринде чечип бериңиз”, - дейт Болот Асаналиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости