www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Ата райондук "Унаа" мамлекеттик мекемесинде 2002-жылы чыгарылган "Volvo FH12 420" жүк ташуучу унаасын мыйзамсыз каттоо фактысы боюнча сотко чейинки тергөө амалдары жүрүп жатат. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен кабарлашты.

"Жүктүн бажы декларациясы боюнча, жогорудагы жүк ташуучу унаа жана прицеп Литвадан келген. Бирок Мамлекеттик бажы кызматынын маалымат базасында бул унаанын бажы жагынан таризделиши жөнүндө маалымат жок. Алдын ала маалыматтар боюнча, мамлекетке келтирилген материалдык зыян 1 миллион 315 миң сомдон ашык суммага бааланган", - деп жазылат билдирүүдө.

Буга шектелип Ысык-Ата районунун тургуну 1968 жылы туулган А.Н. кармалып, Бишкек ШИИББинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда бул мыйзамсыз ишке башка адамдардын катыштыгы текшерилүүдө.


Булак: NazarNews.kg

Последние новости