www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Американын Кыргызстандагы элчисин УКМКга, Прокуратурага же ИИМге жумушка алалы же ал биздин Кыргызстандын ички саясатына аралашпасын! Мындай пикирин «Манас» Эл аралык аэропортунун кеңешчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн Facebook баракчасына жазып чыкты.

«Американын Кыргызстандагы элчисин УКМКга, Прокуратурага же ИИМге жумушка алалы же ал биздин Кыргызстандын ички саясатына аралашпасын! Бир дагы элчилик биздин ички ишибизге аралашпайт, аралашууга эл аралык мамилелерде каралган моралдык этика дагы жол бербейт. Бирок, Американын элчиси улам эле укук коргоо органдарынын ишине баа берет, же моралдык басым көрсөтүп үстөмдүк кылат.

Ооба, биз Кыргызстандын ар бир жараны көз караштарыбыз окшош эмес, керек болсо саясий баалуулуктар үчүн карама-каршы тирешүүлөр дагы болот. Бирок ыркыбыз кетип жатканы менен, сырткы басынтууларга дуушар болгон кезде ынтымак болуп, алардын үстөмдүгүнө жол бербешибиз керек. Суверендүү мамлекет экенибизди көрсөтөлү.

Американын Кыргызстандагы элчиси Дональд Лу улам эле жылаандын башын кылтыйтып, «2021-жылдын жаз айында Кыргызстанда туруксуз абал түзүлөт», – деп маек берип, кандайдыр бир өздөрүнүн таасириндеги саясий топторду шыктандырып жатат. Жашыруун деле эмес Америка бир катар бей өкмөт уюмдарды, журналисттерди, басылмаларга каржылык колдоо кылып келет. Керек болсо коомдогу карама-каршылыкты курчутуп, туруксуз абал жараткан «өз» кишилерине сыйлык берип кубантып турат.

Менин жеке божомолумда курамы өсүп бараткан бир топту бийликке алып келүүгө катуу киришти. Алар, жыл сайын 8-мартта парадга чыгышат. Ал парадды көз карашы окшош басылмалар маалыматтык колдоо көрсөтүшөт.

Кыскасын айтканда, элчи мырзаны ыйгарымдуу укуктарынын чегинен ашпоосун эскертели. Кыргызстандын укук коргоо органдары кимди жазалайт же кимди жазадан куткарат ал биздин мамлекеттик органдардын чечими. Дональд Лу аралашып, мурдун тыкпасын. Сөз болуп, талкууга алынып жаткан фигуралар жакшыбы, жаманбы ал кыргыз элинин жараны, кыргыз элинин кулундары, кыздары, балдары. Жазаны дагы, кечиримди дагы эл берет, Американын элчиси эмес. Ушуну менен Дональд Лу көп жолу ички ишибизге аралашты жана айрым учурларда чагымчылдык аракеттерди дагы жасап коюуда.

Тышкы иштер министри эмнеге чара көрүп, анын сайрап жаткан жаагын басып кое албайт? Экономикасы алсыз мамлекет болгонубуз менен, духу күчтүү, намыстуу эл жашайт. Эмнеге башыбызды жерге салып, Дональд Лунун басымына чыдап кое берүүбүз керек? Эрежеде каралган мыйзам-ченемдерин колдонуп, кой деп койбойсуӊарбы?

Коррупция менен кантип күрөшүүнүн жолун сунуштаган Дональд Лу – эмнеге Америкада жашынып жүргөн коррупционер Аскарбек Шадиевди Кыргызстанга өткөрүп берүүнү ойлонбойт? Эмнеге коррупционерди өз өлкөсүндө катып жүрөт?

Кылмыштуулук менен күрөшүүнү, бизге – дүйнөдө улам согуш жаратып, миллиондогон элдин, тынч жашап жаткан өлкөлөрдүн канын төккөн Американын элчиси бизге үйрөтөбү? Сирия, Ирак, Афганистан ж.б мамлекеттердин тагдырын эмне кылышты? Күлү сапырылып, чогу өчпөй турат.

Урматтуу тийешелүү органдар, келгиле өз өлкөбүздө кабыл алынып жаткан чечимдерге өзүбүз ээ бололу. Урматтуу жарандар, атуулдар. Дональд Лу намысты тебелеп жаткан учурда, аны кубаттап, «туура айтты» деп тиктеп турбай, келгиле жарандык позициябызды айталы. Ички маселени өзүбүз чечели, ал экинчи аралашпасын!», - деп белгилген ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости