www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу" беренеси менен кылмыш иши козголуп камалган саясатчы Равшан Жээнбеков Өзбекстандын премьер-министри толугу менен Кемпир-Абад Кыргызстандын жери экенин далилдеп бергендигин айтты.
"Кечээ бийликтин телеканалдары бир маанилүү маалыматты жаңылыктардан беришти. Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов кыргыз-өзбек чек арасы боюнча парламентте сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Кемпир-Абад толугу менен Кыргызстандын жери экендигин дагы бир жолу далилдеди. Ал минтип айтты: "Биринчи аргументи, биз мурда компенсация катарында жер бергенбиз. Экинчи аргументи, "биз стратегиялык утууга келдик" деп жатат. Үчүнчү аргумент катары "биз Кемпир-Абад боюнча алган жердин ордун толтуруш үчүн алган милдеттерибизди аткарган эмесбиз, канал курган эмесбиз" деп мойнуна алып жатат. Бул эмне деген сөз? Бул Өзбекстандын өкмөт башчысы дагы Кемпир-Абад толугу менен Кыргызстанга таандык экендигин дагы бир жолу далилдеди. Кыргыз бийлиги Кыргызстандын улуттук кызыкчылыгын тебелеп, тепсеп, Кемпир-Абадды мыйзамсыз, адилетсиз, улуттук кызыкчылыкка каршы Өзбекстанга берип жатат!" , - деди абактагы саясатчы Равшан Жээнбеков.
Булак: NazarNews.kg