www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Прокуратура алгач саламаттыкты сактоо министрине коррупция боюнча кылмыш ишин козгоп, анан кайра өйдө жактан чоочуп кетип жаап салган. Же министр күнөөлүү болуп чыгыш керек, азыр мурунку саламаттыкты сактоо министри башка жакта иштеп жатат. Анда министрге иш козгогон прокурор жазасын алыш керек. Жалган жерден иш козгогону үчүн. Депутат Шайлообек Атазов Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында билдиргенине, Башкы прокуратуранын бөлүм башчысы Мирлан Майтпасов бул тууралуу маалыматым жок, кат түтрүндө жиберем деп жооп берди.

19-августта Бейшеналиев министр кызматынан бошотулуп, «Алтын Балалык» ден соолукту чыңдоо жана реабилитациялык борборунун директору болуп дайындалган. Ал эми, 1-ноябрда мурдагы Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге козголгон бардык кылмыш иштери токтотулду. Буга чейин, мурдагы саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге да жети кылмыш ишин козгоп, ал 2-июнда камакка алынган. Башкы прокуратура бир кылмыш иши коррупция беренеси, эки кылмыш иши опузалап пара алуу беренеси боюнча, төрт кылмыш иши кызмат абалынан кыянат пайдалануу жана билип туруп пайдасыз келишим түзүү боюнча экенин билдирген.

Бейшеналиев мындай жагдайдын башкы прокурор Курманкул Зулушев менен жеке пикир келишпестигинен улам жаралганын билдирген. Жагдайга президент кийлигишип, териштирүү комиссиясын түзгөн. Бейшеналиев эки жумадай тергөө абагында жатып, Зулушев кызматынан убактылуу четтетилген. Кийин аталган кылмыш иштеринин бири токтотулган. Бейшеналиев «Алтын-Балалык» борборуна жетекчилик кызматка дайындалган.

«Чубактын кунундай» чубалжыган окуялар тамам болгону турат. Алымкадыр Бейшеналиев мурункудай алжып ар нерсени дөөрүбөй, ойлонуп сүйлөй турган болду. Жайы боюу кызматына жолой албай, Баш прокурор Зулушевден төбөгө жеп, унчуга албай калган Алымкадыр Бейшеналиевге үн бүтө турган болду. Анткени мунун болушчусу бар экен. Болгондо да тиги! Дал өзү болушуп Алымкадыр Бейшеналиев кайрадан министр болуп кызматына келе турган болду. Ушундай ирбиттер жүрө баштады.

Коротулган  13 454 000 доллар чыгымды Дүйнөлүк банк толтурган, Алымкадыр Бейшеналиев «сүттөн ак». Аткаминер ал жумуштан убактылуу гана четтетилгенин эске салды: «Президент чечим чыгараары менен мен ишке киришип, реформаны улантууга даярмын», - деген Алымкадыр Бейшеналиев.Бирок ордун ьатырова илип кетти.

Анын айтымында, үй камагында жүргөндө медициналык мекемелердин башкы дарыгерлери менен телефон аркылуу байланышып турган. «Мен СИЗОдон чыгаарым менен министрликте, Кыргызстандын медицинасы толугу менен көзөмөлдөнгөндөй эле кылып жүрдүм, башкача айтканда, биз иштедик. Мен үйдөн эч жакка чыккан жокмун», - деди Алымкадыр Бейшеналиев.

 Тергөө COVID-19 вакциналарын сатып алуу боюнча бардык чечимдер ошол кездеги өлкөдөгү курч эпидемиологиялык абалдан улам министрлер кабинетинин бир катар токтомдорунун негизинде кабыл алынганын эске алып ушундай тыянакка келген. Ошондой эле ички аудиттин материалдарына ылайык, мамлекетке эч кандай материалдык зыян келтирилген эмес жана бүгүнкү күндө өлкө эли COVID-19га каршы вакциналар менен камсыздалган. Мындан тышкары, “COVID-19 өзгөчө кырдаалдар долбоорун кошумча каржылоо" долбоорунун алкагында өкмөт короткон чыгымды, тагыраагы, 13 454 000 доллардын ордун 2021-жылы Дүйнөлүк банк толтурган.

Башкы прокуратура саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевди кармап, ага жети кылмыш ишин козгогон. Министр бюджеттик каражатты мыйзамсыз түрдө адалдоо ыкмасын уюштурду деп колго түшүрүлгөн. Кеп вакцинаны негизсиз сатып алуу тууралуу болуп жатат. Кийинчерээк мамлекет башчы Жапаров Зулушевди Бейшеналиевге карата кылмыш иши тергелип бүткүчө кызматтан убактылуу четтеткен. Буга экөөнүн мамилеси себеп болгон. Эки саясатчынын чатагынын төркүнүн кийин айта кетебиз. 14 күндөн кийин Бейшеналиев үй камагына чыгып, Зулушев кызматына кайткан. Ал арада президент атайын комиссия түзүп, бул жагдайды иликтеткен. 16-июнда аталган комиссия өз ишин жыйынтыктаган.

Белгилей кетсек, буга чейин Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин аракетинде кылмыштын курамы жок болгондуктан, ага карата козголгон кылмыш иши токтотулганы айтылган.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости