www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Активист, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Орозайым Нарматова камакта калтырылды. Бишкек шаардык соту жактоочунун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын канааттандырган жок.
Эске салсак, Нарматова Кемпир-Абад суу сактагычынын маселеси боюнча “массалык баш аламандыкка даярдык көрүү” беренеси боюнча кармалган.
Бүгүн, 16-ноябрда сот залында Нарматованын жактоочусу «эч кандай мыйзам бузбаганын, тергөөдөн качпаганын» айтып, жактоочусу камактан бошотууну соттук коллегиядан суранды.
Мындан тышкары, тергөөдө анын күнөөсү далилденген жок, дейт жактоочу.
Орозайым Нарматова өзү эч кандай күнөөсү жок экенин билдирди. Ал эми Кемпир-Абадды коргоо комитети түзүлүп жатканда Орусияда болгонун баса белгиледи.
Жыйынтыгында Нарматованы 26-декабрга чейин камакта калтыруу боюнча райондук соттун чечими күчүндө калтырылды.
Булак: NazarNews.kg