www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жол кырсыгынан каза болгон маркум Бекжан Темирхандын чыгармачылыкта гана эмес жеке жашоосунда дагы жакын досу ырчы Бакас окуя боюнча эскерди. Анда Бекжан Темирхандын каза болгонун ата-энеси уга электе кабар таратып, маданият адамдары маданиятсыздык кылып коюшканын айтып, нааразы болду. Маекти жакын чыгармачылыктагы достору «Супер тв» каналына берген.

"Азыр баарыбыз кан жутуп отурабыз. Сынообузга жеңилдик берсин. Ошол күнү дагы бир досум менен чай ичип отурганбыз. "Бекжан жок болуп кетти, сени менен кабарлашып жатабы» деп сурап калдым. Анан ага чалып калды. Алса эле кырсык болгонун досу айтты. "Жардан учуп кеттик, тезирээк келе кал" деди. Шашып эле жолго чыкканда кайра чалышты Бекжан өтүп кетти деп. Экөөбүз көп жылдан бери дос элек. Жеке жашоо боюнча да сырдашчубуз. Өзүнүкүн бербеген, кылам дегенин кылган бала болчу. Үйдүн эң улуу баласы. Ата-энесин каржылаган, бир туугандарын окутуп жаткан ушул бала болчу. Эми ажал экен, тагдыр экен.

Ар бир нерсенин өзүнүн маданияты бар. Ал учурда каза болгонун ата-энеси уга элек эле. Маданият адамдары маданиятсыздык кылып коюшту. Кабарды угузуунун дагы өзүнүн маданияты бар. Баласы өтүп кеткен адамга аябай оор болот да. Маданият адамдарына жакшы чыгармасын берип, бөлүшүп койгулачы десе, айрымдары бөлүшчү эмес, анан эле ошол адамдар жакшысын эмес жамандыкты бөлүшүштү", — деди ырчы Бакас.

«Эзилип бүттүм» ыры менен көпчүлүккө таанылган ырчы Бекжан Темирхан 10-ноябрь күнү Боом капчыгайында жол кырсыгынан каза болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости