www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Балиде өтүп жаткан Чоң жыйырмалыктын саммитинен кайтып келгенден кийин орусиялык кесиптеши Владимир Путин менен сүйлөшүүнү пландап жатканын билдирди. Анын сөздөрүн ТАСС басылмасы жазды.

Түркия мамлекетинин башчысы дан боюнча келишимдердин мөөнөтүн узартууга үмүттөнөөрүн белгиледи.

«Биз Путин менен дайыма байланыштабыз, эч кандай көйгөй жок. Жер семирткичтер жана айыл чарба продукциялары менен камсыздоо маселесин мен келгенден кийин талкуулайбыз. Биз дан келишимин бир жылга узартууга аракет кылып, ийгиликке үмүттөнүп жатабыз», - деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган талкууда НАТОнун бир катар өлкөлөрү Польшада кулаган ракеталар боюнча окуяга Москванын тиешеси жок деген бүтүмгө келгенин билдирген.

«Бул алардын ракетасы эмес деп айткан Орусиянын позициясын урматташым керек. Бул биз үчүн маанилүү», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости