www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек — «Манас» аэропорту жолунда Сокулук районуна караштуу Лесное айылынын окуучулары бара жаткан автобус жол кырсыгына кабылып, 20дан ашуун бала ар кандай жаракат алып ооруканага жаткырылган. NazarNews маалымат агенттиги ата-энелердин арыз-муңун, окуучулардын учурдагы абалы тууралуу билүүгө аракет кылдык.

Жабыркаган окуучулардын ата-энелери аталган айылда мектеп жоктугун айтып нааразы болушту. Айтымында балдар дээрлик 5 чакырым алыстыктагы коңшу айылга барып билим алышат. Өз айлыбызда мектеп болгондо бул кырсык болмок эмес деди жабыркаган окуучунун атасы.

Мектеп автобусу менен GoBus фирмасынын кичи автобусу сүзүшкөн. Аталган фирманын жетекчилиги бул жагдайга тиешелүү көңүл бурбай жатканы айтылды.

Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө алысыздар: 

Эскерте кетсек, Бишкек – «Манас» аэропорту унаа жолунда кырсыкка Чүй облусунун Сокулук районундагы «Ат-Башы мектеп-лицейи» мекемесинин башталгыч класстарынын окуучулары кабылган.

Мектеп автобусу менен GoBus фирмасынын кичи автобусу сүзүшүп, мектеп автобусу оодарылып калган.

Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости