www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чынында барган сайын диний сабатсыздык кулачын жайып жатат. Акылын эмес сакалын өстүргөндөр, жүзүн жашырып, бети-башын тумчулап, Жаратканга эмес динге сыйынгандар арбыды. 

Мына учурда кыргыздын наркына, салтына каршы диверсия тынымсыз жүргүзүлүүдө. Бул жакшы жышаана эмес. Светтик өлкө болгонубузга карабастан, сакалын өстүрүп алып ишке келген, динге берилген мамлекет кызматкерлер көбөйгөндүгү кооптуу көрүнүш. 

Ак үйдөн тартып, бир топ мамлекеттик мекемелерде намазканалар ачылды. Бул өтө туура эмес. Мамлекеттик мекемеге намаз окуганы эмес, элге кызмат кылганы, иштегени барат. Намазды мечитке барып окушсун. Андыктан, мындай тенденцияны токтотуш керек. 

Дегенибиз, эртең мамлекеттик кызматта иштеген башка диндин өкүлдөрү "бизге дагы сыйынганга бөлмө керек, ачып бергиле" деп талап кылып чыгышса кандай болот? Мыйзамга ылайык, мамлекет, ак же көк деп бөлбөй, кайсы динди карманганына карабай жарандардын баарына бирдей шарт түзүп берүүгө милдеттүү. 

Демек, мамлекеттик мекемелер диний сыйынчу мекемеге айланып, ошондо накта боткобуз чыкпайбы? Ошондуктан, мамлекеттик мекемелердеги намазкана жабылыш керек. Мамлекет мекемелер элге кызмат көрсөтүү үчүн салынган, сыйыныш үчүн эмес... 

Мына учурда диний сабатсыздык, караңгылык коомго терең сүңгүп кирип, мамлекетти жеген "раковый опухолго" айланып бара жатат. Азыркы кезде, коомубузда "аял заты чай куйбасын, көзүбүзгө чалдыкпашы керек" деген динчилдер пайда болууда. Кыргызда мындай салт жок! Аял баарын жасаш керек, бирок динди чүмбөт кылып тагынган курумшуларга көрүнбөш керек экен да өз үйүндө? Бул эмне деген шумдук?!. 

Булар кыргыздын үрп-адатын, каада-салтын, наркын, ал түгүл жашоо-тиричилигин буза турган анык бузуку душмандар! Мунун баары үйүр-үйүр болуп топтошуп алып, чубалжыган дамбал-көйнөк кийгендер менен жүзүн жашырып, эри өлүп аза күткөн жамандыктын жарчысындай болуп чүмкөнгөндөрдүн таасири десек аша чапкандык болбойт. 

Мына Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова парламенттин жыйынында өлкөдө мусулман аялдардын кийимин тартипке келтирүү керектиги боюнча айтканы колдоого арзый турган көйгөй. 

Эл өкүлү өз сөзүндө: "Жакында эле Ошто "социалдык контракт" долбоору боюнча 100 миң сомдук сертификаттарды тапшыруу аземине катыштым, ал жерде катышуучулардын көбү көзү гана көрүнгөн паранжа кийип жүргөндөрүнө күбө болдум. Дин боюнча мамлекеттик комитетке аялдардын толук оронбошу керектиги боюнча тапшырма бериш керек. Жоолук салынсын, бирок бети жабылбасын", - деп белгиледи. 

Эң туура маселени көтөрдү. Эл өкүлү коомдогу коркунучтуу тенденцияны коңгуроо кылып кагып жатат. Буга азыртадан терең маани берүү абзел. Бүгүн ойгонбосок, бүгүн ойлонбосок, эртең кеч болуп калат.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости