www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Батыштан келген каражаттарды көзөмөлдөө зарыл", - деди бүгүн, 13-мартта NazarNews маалымат агенттигине  саясатчы Жылдызкан Жолдошова. 

--“Өкмөттүк эмес уюмдар ар кандай терс көрүнүш менен элдин башын айнлантып жатат. Аларга кандайдыр бир чара көрүлүшү зарыл. Андыктан биринчи мыйзам долбоорун кабыл алыш керек. Андан соң гана кадамдар башталыш керек. Мына Россия атайын мыйзам долбоорун кабыл алып койду. Ал мыйзам азыр соонун эле иштеп жатат. Ал эми Кыргызстанга келген каражаттардын ар бири текшерилгени туура. Фискалдык органдар бей өкмөт уюмдарынын иштерин, келген каражаттарын текшерип, маалымат алып туруусу абзел. Батышчылдардын каражаттарын эмне себептен келген, эмнеге жумшалган анын баарын ачыктап чыгыш керек. Гранттар эмнеге жумшалганын текшерсе болот. Эгер мамлекетке зыяны тийип жатса аларды жаап салышы керек. Муну юстиция министрлиги аркылуу жапса болот. Коомдо канчалаган кайчы пикирлер жаралып, келечек муунга жаман үлгү көрсөтүп жатышат. Кыргызстан деген бир эле мамлекет. Кыргызстанды өзүнүн нукуралуулугунда сактап калуу зары”, - дейт Жолдошова.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости