www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мекенин, үй-бүлөсүн коргоо ар бир жигиттин милдети экенин ар бирибиз жакшы түшүнсөк керек.

Бул жоопкерчиликти тереңден түшүнүп, мекендин түйшүгүн жонуна артынып, эли үчүн кызматын өтөп келе жаткан уул-кыздарыбыз ички иштер органдарында кызмат өтөйт.

Бирок тилекке каршы, кылмышкерлер менен аёсуз күрөшүп, элибиздин тынчтыгы менен бейпил жашооосун камсыздайм деп жүрүп кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлери жок эмес.

Алардын ысымдары алтын тамгалар менен Кыргыз милициясынын тарыхында жазылып калганы менен, артында ый-муңга, ызага толгон ата-энеси, жесир калган жубайы, жетим калган балдары бар эмеспи.

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин жетекчилиги кызмат учурунда курман болгон милиция кызматкерлеринин атын өчүрбөй, элесин түбөлүккө сактап, жаш тартип сакчыларына үлгү болуусу үчүн ар кандай спорттук иш-чараларды өткөрүп, майрам учурларында үй-бүлөлөрүнө материалдык жардам көрсөтүп, моралдык жактан дагы колдоо көрсөтүп келүүдө.

Алсак, 2021-жылдын 24-декабрында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусундагы Президенттик балатыга 2013-жылы кызмат учурунда курман болгон милициянын старшинасы Атаханов Ниязалы Адашовичтин 5-класста окуган баласы Жумадил Адашов дагы катышты.

Өлкө башчысы катышкан бул иш-чарага мектепти жакшы окуган, идиреги күчтүү, үлгүлүү жүрүм-туруму менен айырмаланган тартип сакчысынын баласы дагы катышканы бизди дагы кубандырат. Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда өткөн балдарга арналган бул майрамдык иш-чарада Жумадил өлкө башчысындай болуп мамлекетибизге, элибизге кызмат кылууну кыялданганын, президенттин колунан белек алганына кубанычта экенин журналисттерге берген маегинде айтып берди.

Баланын апасы дагы милиция кызматкери. Самара Эсенбаева жолдошу курман болгондо, анын атын өчүрбөө максатында милиция кызматкери болууну чечкен. Учурда Самара Эсенбаева Жалал-Абад ШИИБдин Коомдук коопсуздук кызматынын жашы жете электер менен иштөө боюнча инспектору.

25-декабрь күнү ИИМдин кызматкерлери Жумадил Адашов менен жолугуп, майрамдык маанай тартуулашып, өздөрү менен кошо белек катары алып барган китептерди, таттууларды тапшырышты.

Ошондой эле, Жалал-Абад облусунан Жумадил менен кошо келген 30 баланы дагы келе жаткан жаңы жылы менен куттукташып, ИИМдин кызматкерлери белектерди беришти.

Бул саамалык балдар үчүн күтүүсүздөн болгонун жана милиция кызматкерлеринин колунан белек алуу аларга кубаныч тартууланганын айтып беришти. Жумадил Адашов ата-энесинин кесиптештери менен маектешүү учурунда аларга ыраазычылыгын билдирип, чоңойгондо ата, апасындай милиция кызматкери болорун айтып берди.

«Келечекте атамдай, апамдай Мекениме кызмат кылган милиция кызматкери болсом деп кыялданам. Азыр бешинчи класста окуйм. Чоңойсом көп милицияны башкарган генерал болом», - дейт кичинекей Жумадил.

Баатыр, милия кызматикерлеринин уулу Жумадилге келечеги кең болуп, ар бир ойлогон ой-максаттары орундалып, келечекте Кыргыз милициясы сыймыктанган милиция кызматкери болооруна тилектешпиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости