www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түштүктүн калкы көпчүлүктү түзсө да өкмөт 21 кишиден турса, 3 гана адам түштүктөн экен: Кожошев, Ташиев, Ажикеев. Эмне Акылбек Жапаровдун түштүк элинин колунан эч нерсе келбейт деп кемсинткениби? Жалаң эркектааналардан куралып, экологду кыпчып койгон сарыбагыштардын өкмөтү калыстыгы жок келди.

Кыргыз эли байыркы үч миң жылдык тарыхы бар. Мындан 5-6 кылым илгери Тагай бий жашап өткөн. Ага чейин деле кыргыздар жашаган, Тагайдан Сарбагыш, Сарыбагыштын Орозбактысынан Жапаров – президент, Дөөлөсүнөн Жапаров – кабмин. Калыгул олуя деген болгон: «Сарбагыштар удаа келбейт, бирок үзүлбөйт» - деген. Ормон, Шабдан, Усубалиев, Акаев, Жапаров мамлекет жетекчилери үзүлгөн жок.

Эми сарыбагыштардан өкмөт башчыларын санайлы: Абдрахманов Жусуп (1927-33); Исакеев Баялы (1933-37); Дикамбаев Казы (1958-61); Мамбетов Болот (1961-68); Ибраимов Султан (1978-80); Дүйшеев Арстанбек (1981 -86);  Чынгышев Турсунбек (1992-93); Исабеков Азимбек (29.01-29.03.2007); Жапаров Акылбек (2007); Оторбаев Жоомарт (2014-2015); Исаков Сапар (2017-2018); Жапаров Садыр (2020-октябрь- 2020 декабрь), эми 2021-жылы октябрда өкмөт башына кайрадан экинчи ирет сарбагыш Жапаров Акылбек келди. Демек, өкмөт башчылары да үзүлгөн жок.

Биринчи орун басары КОЖОШЕВ Арзыбек:

-Арзуусун акчага арнап көнгөн Арзыбек мырза. Нечен ирет министр, «замминистр» болуп жүрсө да, элди ойлобой өз капчыгынын калыңдыгын ойлогон кыраан. «Жоруга томого кийгизгендей» бул орунга келген Кожошев бул ѳкмѳттʏн башкы саясий интригасына айланды. Ал бул орунга да кʏчкѳ салып атып араӊ жетти. Бул кадамы менен ал эмки парламентке «сарыбагыш эместер» келип, алар басымдуулук кылып жаңы ѳкмѳт тʏзʏлгѳндѳ Акылбек Жапаровду оңколотуп, минкабды жетелемекчи.

Орунбасары Эдил БАЙСАЛОВ:

«Асыл – таштан, акыл - жаштан» - дейт, жаштык инерциясы менен иштѳѳ потенциалын оппозицияда жүрүп, түгөтүп алган Эдил Байсалов Убактылуу Өкмөттө өкмөттүн аппаратын жетектеген. Бийликке дүрбү салып Жээнбековго акелеп жатып Улуу Британиядан улуу көздөрү менен карап турган. Эдил Байсаловдун оозу орок орот, эми колунан иш келээр бекен?

Орунбасары  Азиз ААЛИЕВ:

«Мени эл тааныбайт, мен элди тааныбайм»  -деген сарыбагыш Азиз Аалиев сарбагыш Жапаровдун биринчи орунбасары катары бир жума иштеп калды. Бирок, «сарыбагыш эместер» эмне эле бийликтин барын сарыбагыштар ээлеп алды дешип, ал орунга ичкилик Кожошевге жол ачты, буюрса Акылбек Жапаров парламент шайлангыча «чоң тоюп» алат да, карт кекирип башкаларга жол ачып берер.

Орунбасары Камчыбек ТАШИЕВ:

Бүгүнкү бийлик «багыштарда» сарыбагыш менен чоңбагыштарда. Сарыбагыш Акаевдин убагында сарыбагыш досу Мисир Ашыркулов «доссекретарь» милдетин аткарып жети жылдан соң бийликке УКМКга келген. Азыркы «доссекретарлар» жети күн күттүбү, билбейм...

Тышкы иштер министри Руслан КАЗАКБАЕВ: «Сокур ит аксак тʏлкʏдѳн ʏмʏт кылат» -дегендей Тажикстандан  ʏмʏт кылып турган министрден эмнени кʏтсѳ болот?

 Анын оюнча: «Тышкы саясатыбыз баамчыл Бабановдун көз карашы менен өсүш керек. Ал Москвага барып кыргызча сүйлө десе, кыргызча сүйлөйм. Күрдчө сүйлө десе, күрдчө сүйлөйм».

 Адилет министри Аяз БАЕТОВ минтип айтат имиш:

-Адилет министри болгонум менен адилеттүүлүгүм жок эмеспи, ошондуктан эл эмес, капчыгым өссө экен дейм!

-Менин деңгээлим ефрейтордой эле, бирок генералдарды бийлеген кызматка отурдум.  Арийне, сырткы формам генерал болгону менен, ички мазмунум ефрейтор бойдон калды. –дейт андан соң көлдүк сарыбагыш Коргоо министри БЕКБОЛОТОВ Бактыбек;

-Тышкы карыздарыбыз көп экен, быйыл да бюджет млрддаган сомдон ашуун тартыштык менен баратат, бирок биз атка минерлерге  жеткизип жатабыз.-дейт финансы министри БАКЕТАЕВ Алмаз. «Карышкырга кой кайтарткан» - ушул эмеспи, «Айранын ичкен кутулуп, челегин жалаган тутулат» - дегендей Бишкекти кыйратпаган Бакетаев өлкөнү оңдурабы?

БАЗАРБАЕВ Кудайберген – социалдык ѳнʏктʏрʏʏ министри: «Социалдык жактан өнүктүрүүгө муктаждар көп, ал эми капиталисттик жактан өнүккөндөр да жок эмес. Акчадан жардамды мурунку бийликтегилер өтө байларга бере турган, биз колунда жокторго беребиз»,-дейт. «Асанкайгы ойлонуп отургуча, тобокелчи маарага жетиптир» - дегендей, Жапаров ѳкмѳтʏндѳ бир иштесе сарыбагыш Базарбаев тобокелге салып иштейт,себеби ал министр учурунда «Кумтѳр» экологиялык жактан талкаланып жатат деп, куугунтукка карабай «Центеррага» каршы добуш берген.

 -«Кумтөр» алтын кенинен мен «грамм» да пайда көргөнүм жок. Пайда көрсөм «майнеке болоюн». -дейт тонналап пайда тапканга көнгөн экономика министри чүйлүк сарыбагыш Данияр АМАНГЕЛДИЕВ.

Ички иштер министри Улан НИЯЗБЕКОВ:

-Коррупция деген бар абайлагыла! - дейт жан-жагын карап.

Кезекти Билим министри Болот КУПЕШОВ алып күпүлдөйт:

 -Кимдин-кимдин заманы, көлдүктөрдүн заманы. Соода борборунда алып-сатар болгонум менен, илгери мугалимдик диплом алгам. Мен ректор да болуп көргөн эмесмин. Атамбаевге каршы күрөшкөнүм жок.  Эл мага «2» деген баа коюшуп, бул орунга жарабайт дешет... Арийне, иштеп эле жүрөм.

-Анатомиялык белгилер менен айтканда менин өпкөм тубаса калдайып чоң. Географиялык-генетикалык шарт ошондой. Министр абалымда кекиртегим да «Безразмерный» чоюлуп баратат, андан тышкары албетте, кардым да акча каражаты үчүн көлөмдүү, ошол үчүн «Уу коргошун» ичип коронавирустан сактанып өлбөш керек.  -дейт Саламатыкты сактоо министри Алымкадыр БЕЙШЕНАЛИЕВ чыгып.

Жол, транспорт министри ОСОЕВ Эркинбек:

-Жол киренин баасын көтөрүш керек!-деп тикмечиден министрликти алган соң күпүлдөп жатат.  «Бир мунарга жете албай атып, бир мунарга бутун арткан» Ош-Бишкек жолун оӊдой албай жатып, Жалал-Абад – Казарман – Бишкек жолун курабыз Кытайга карызка батканбыз.Эми кайрадан кымбатчылык каптап жол киренин тарифи өссө,  «Баягы, баягы, Баялынын аялы» эмеспи?

-Электрэнергиясынын тарифине өчүм бар, сөзсүз көтөрөм. –дейт Энергетика министри Доскул БЕКМУРЗАЕВ.

Айыл чарба министри Аскар ЖАНЫБЕКОВ:

- Үй жаныбарларына паспорт алып койдук, Акылбек Жапаров мактап койсо курт-кумурскадан өйдө паспорттоштуруп койом.-дейт. Айыл чарбасы, кыргыз элинин кѳпчʏлʏгʏ жашаган элет жери «ѳгѳй эне кѳрʏнѳ барып кол кезейт» - дегендей, ѳгѳйлѳнʏп келатат.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек АЖИКЕЕВ:

- Кыргызстан сейсмологиялык аймак, биринчиден, жер титирөөлөрдөн дайыма сак болушубуз керек. Экинчиден, Ак үйдө болуп турган бийлик алмаштыргыч «жер титирөөлөрдөн» дайыма сак болушубуз керек.   – дейт.


 -Менин ордумдагылардыкы бир буту тамакта, бир буту камакта...- дейт сан  министринин милдетин аткаруучу и Дастан ДОГОЕВ.

Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат ЖАМАНКУЛОВ:

- «Бети бетиме тийген тууганыма баркым жок, эти-этиме тийген жубайыма баркым жок» - деп бекер жеринен айтылбаса керек. Азамат мырзанын циркте баркы жок. Баркы жок министр «ѳлбѳ жаным ѳлбѳлѳп» кѳйнѳк жаӊыртып кийип турар. «Сары чымчык болоюн дейсиӊ, ар шакка коноюн дейсиӊ» - деп бекер жеринен айтылган эмес. Азамат мырза ким өкмөт болуп келсе деле «сары чымчык» болуп ѳкмѳттѳ даяр турат.

Экология министри КУТМАНОВА Динара, ким өкмөткө келсе жаңы министрлик ачыла берген мода болду, мурун Шыкмаматовго инвестиция министрлиги ачылды эле, эми Кутмановага экология министрлиги ачылды. Кутманова тогуз-торолук болгондуктан түштүктүк деп айтууга ооз барбайт.


Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости