www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Бакиевди алып келе аласыңарбы? - деген суроосуна Камчыбек Ташиев: Ооба, Бакиевди акыры биз алып келебиз, - деп жооп берип койду. Ушул жерден Убактылуу өкмөттүн күнү тууп жиберди. Лейлектен келген видеоматериалды Убактылуу өкмөт мүчөлөрү бир кабинетке чогулуп көрүп, сүйүнгөндөрүнөн коньяк да ичип жиберип, дароо эле КТРге жөнөтүшүптүр. Шайлоого төрт күн калган эле.

Ушул жерден Убактылуу өкмөт чоң ката кетирген. Эгер бир аз күтө туруп, шайлоого бир күн калганда кетиргенде «Ата- Журт” партиясы түндүктөн өтпөй калат элек. Анткени,Ташиевдин бул сөзүн КТРден көрсөткөндөн кийин түндүк тарапта партия ичинде катастрофа жүрүп кетти. Штабдарыбызда бир дагы агитаторлорубуз калбай, штабдарды жаап салып, качып кетишти. Республикалык штабыбызга Э.Каптагаев уюштурган 30дай киши келишип, сыртта илинип турган баннерлерибизди сыйрып, өрттөп салышты. Муну да КТРден тынбай көрсөтүп турушту. Булардын баарын Каптагаев телефон аркылуу башкарып турду.


Таластан Дастан Жумабеков телефон чалып, кадимкидей эле жашыды, - Камчыкенин бул эмне кылганы? Менин отуздай эле балам калды. Штабда отурам. Сыртта КамАЗдар менен келип тегеректеп, сигнал басып турушат. Өрттөйбүз деп жатышат, эмне кылам? - деп. Ысык-Көл, Нарын, Чүй облустарына телефон чалсам, бир да штаб албайт. Баары өчүк. Республикалык штабда жалгыз өзүм калыптырмын. Мыктыбек Юсуповичке чалсам,кудай жалгап үйүндө экен. Дароо штабка жетип келди. Сыртта баннерди өрттөп жаткан 30дай кишиге түшүндүрүү иштерин жүргүзүп , акырын узатып жибердик.


Штабдарыбыз каңгырап бош калды. Шайлоого үч күн калган эле. Эки күндөн кийин үгүт иштери токтойт. Эмне кылыш керек? Ташиевдин сөзүн КТРден берген маалымат менен интернетке салган маалыматтарын салыштырсак, экөө эки башка болуп чыкты. Ташиевке телефон чалсам, “мен антип айткан эмесмин, ал - монтаж” деди. Түнү менен олтуруп, бардык видеоматериалдарды чогултуп, Болот Тиллебаев экөөбүз кайра КТРден көрсөттүрүү үчүн “Бул монтаж экен” деген көрсөтүү даярдадык.

Ар бир минутасына 120 миң сомдон акча төлөп, эки күн бою биз да КТРден “Бул монтаж экен” деп көрсөтүп туруп алдык. Ошондон кийин түндүктөгү агитаторлорубузду өзүбүзгө бура алдык. Ошондо да баарын толук эмес. Штабдарыбыз кайрадан жанданып, иштеп калышты. Бирок баары бир эки күндүк убакыт аздык кылды. Шайлоочуларды буруш үчүн убакыт жетишсиз болуп калды. Ошентсе да, шайлоодо биринчиликти алып, парламенттен 28 депутаттык орунга ээ болдук.

Эртеси күндөн баштап, депутаттык орундарга талаш башталды. Анткени, шайлоо башталганда эле ар бир талапкерге өзүнчө округдарды бөлүштүрүп берген элек. Ошол округдан 7000 добуш алган талапкер депутат болмок. Анча добуш албагандар биринчи ондукта олтурса дагы өз арызын жазып, мандаттан баш тартып чыгып кетмек. Менин билишимче, азыркы парламентте олтурган беш партиянын ичинен “Ата-Журт” менен “Республика” партиялары ушундай эреже менен барган эле.


Бул эреже боюнча,«Ата- Журт" партиясынын тизмесинде 67-орунда турган талапкер 28-орунга чыгып, депутат болуш керек эле. Тилекке каршы, андай болгон жок. Анткени алдыңкы сапка туруп, бирок 7000 добуш албай калган талапкерлер өз эрки менен арыз жазып чыгып кетпей, ызы-чуу башталды. Талапкерлер ич-ара мушташканга чейин барышты. Акматбек менен Камчыбек экөө тең жок. Шайлоонун эртеси күнү Россияга эс алганы кетип калышыптыр.

Талапкерлер штабда менин эшигимди тытып жатышты. Бири-бири менен мушташып да кетишти. “Ата- Журт” фракциясы экиге бөлүндү. Жетиштүү добуш албай калган талапкерлер бир тарап, артында туруп, 7000 добуштан 17000 добушка чейин алып келгендер бир тарап болушту. Көбүнэсе добуш албай калып, ызы-чуу баштаган талапкерлер түндүк тараптан болду. Алардын койгон дооматы: “Ташиев эмне үчүн добуш берүүгө үч күн калганда, Бакиевди алып келебиз деп айтат? Биз жакты (түндүктү) деле ойлоп койбойбу. Эгер ал антип айтпаганда, биз ар бирибиз жетиштүү добуш алмакпыз”, -дешет.

Чындыгында, койгон дооматтары туура эле болду. Жогоруда айткандай, КТР аркылуу Ташиевдин сөзү көрсөтүлгөндөн кийин, түндүк тараптан добуш алыш тирүүнүн тозогу болду. Ошентип, канчалык ызы-чуу болгонуна карабастан, тизмебиз эч өзгөрбөстөн алдыңкы катарда турган 28 депутат ант берип, мандат алдык. Фракциялар аталыштарын жана депутаттардын тизмесин Жогорку Кеңештин аппаратына каттоого берүү күнү аяктап бара жатты.

Биздин фракцияда тизме бермек түгүл, күндө эки-экиден мушташ. Каттоого акыркы күн калганда 10 чакты депутатыбыз “Ата-Журт-2” фракциясы деген ат менен каттоодон өтө турган болуп калышты. Түнү мененТалант Мамытов экөөбүз фракциянын регламентин жазып,эртең менен эрте баарын бир кабинетке топтоп, ынтымакка чакырып, кол койдуруп, аппаратка өткөрө салдык. Ошентип, бир эле “Ата-Журт” фракциясы болуп катталдык. Бирок баары бир деле депутаттык орунга талаш бир жыл бою токтогон жок.

Садыр Жапаров. "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ"

Р:S: Доцент Мехмет Улуташтын котормосунда Садыр Жапаровдун "ДЕСЯТЬ ЛЕТ В ПОЛИТИКЕ" китеби түрк тилинде которулуп чыкты. Кыргыз тилинде да эл таанысын деп кыргызча да котормосун берип жатабыз.

Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости