www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Асанакунов мырза менен анын аялы – алтынчы чакырылыштагы Жогорку Кеңештин социалдык маселелер боюнча комитетинин төрайымы, СДПК фракциясынын мүчөсү, жетинчи чакырылыштагы парламентке «Альянс» партиясынан депутат болгон Г.С.Молдобекова баюунун булагын кайдан тапкандыгын жана алеки заматта байманасы ашып-ташыганын аңдоо эч кандай деле кыйынчылык жаратпаса керек. Ооба, жообу ачык-айкын: бюджеттик каражаттарды калчоонун эсебинен жана ысык-көлдүктөрдүн жашоо байгерчилигин төмөндөтүүдөн уурдалган акчаларга облустун аймагына социалдык-маданий багыттагы канчалаган объектилерди курса болмок жана Атамбаев менен казандык бизнесменша Раисанын, тагыраагы, Атамбаевдин аялынын бийликтен кетишинен кийин бул суроону ысык-көлдүктөр кайрадан көтөрүп чыккан.

Ларчиктин ачылышы эң эле жөнөкөй, кеп анын ошол кездеги президент А.Ш.Атамбаевдин кол баласы болгондугунда, бирок ал азыр түрмөдө отурат, анда эмне үчүн Асанакуновду жоопкерчиликке тартышпайт? Суроо абдан кызыктуу. Азыркы учурда «Кумтөр» кенине байланыштуу коррупциялык иштерге катышып, барлардын баардыгын жоопкерчиликке тартып жатышат. Мамлекеттин эсебинен байыгандардын баардыгынын жазасын берип, туура кылууда. Коррупционер түрмөдө отуруш керек, уурдалгандарды ордуна кайтарууга убакыт келип жетти.

Ошентсе дагы, эмнегедир Асанакуновду чекисттер айланып өтүп жатат, анткен менен, бийликтин Асанакуновдон азыраак жегендерге деле аёосуз мамиле кыла жаткандыгын фактылар көрсөтүп жатат. Ал эбак эле Ысык-Көл облусунун фондундагы каражаттарды өзүмбилемдик менен максатсыз пайдалангандыгы боюнча кылмыш ишинин каарманы болууга тийиш эле. Ушундан улам анын кайрадан крышасы пайда болгону ачык көрүнүп турат.

Мисалы, Атамбаевдин учурунда бул - биринчи айым Раиса болсо, С.Ш. Жээнбековдун учурунда анын иниси – кудуреттүү Асылбек колдоп турган, ал эми азыр ким? Кандай болсо да, колдон суурулуп, кайда болбосун мурдун тыккан Молдобекова Г.С. айланасындагы адамдарга башкы чекист К.К.Ташиевге «жол» тапканын саймедиреп далай жолу айтканын эшиттик жана бул башкы чекисттин дарегине карата мындай жалааны Раисанын жана СДПКнын эркек талтаңы дайыма кайталагандан жадабайт.

Элди «жел болбосо, чөптүн башы кыймылдабайт» деп ойлосун дейт көрүнөт же кандайдыр бир «жагдайлардын кагылышы» болгон сыяктуу. ПФК төрагалыгына Ташиевдин тарапташтары түштүктөн бирөөнү «түртүшкөн». Албетте, ал өз ишинин дасыккан адиси. Окумуштуу. Балким, билим берүү жөнүндө документи бар жана «профсоюздар» – бул коммунизм мектеби экендигин жакшы түшүнөт. Ташиевдин тарапташтарын Камчыбек Кыдыршаевичке көлөкө түшүрбөөсүн суранат элек. А эгерде кимдир бирөөнү алып келгиси келсе, жок дегенде эки ооз сөздүн башын кошуп сүйлөй ала турган адамды тандоого кеңеш бермек чыгаар. Андай болбогон учурда Ташиевдин жеке мүдөөнү көздөгөн ишмердүүлүгү жөнүндө айыңдар күчөйт. 

Ал арада Асанакунов аялы Молдобекова экөө Ташиевдин дарегине карата ушак-айыңдарды таратып, өз колдоруна профсоюздун менчигин толугу менен алууга аракет кылууда. Бул схема дагы эң жөнөкөй, ар кандай махинацияларды жасоо жана манипуляция кылуу менен санаторийлерди, курортторду, эс алуу жайларын кудуретсиздикке дуушар кылып, андан кийин бөлүп-жарып сатышууда. Ал эми бул өтө чоң суммадагы каражаттар жана кимди болбосун сатып алышат.

Асанакунов жана анын  компаниясынын 2020-жылдын 7-декабрында профсоюздар федерациясынын имаратына рейдерлик баскынчылык кылышын көп суммадагы каражаттардын айланышы менен түшүндүрүүгө болот. Жумушчулар өз иш орундарына кире албай калган кырдаалда ал эч кандай жоопкерчилик тартпайт. Ал эми прокурор кызматкерлери жана Ички иштер министрлиги анын «бейбаштыгына» көз жумуп коюшту, анткен менен аларга аталган кылмыш жоопкерчилигине тартуу аракети фактысы боюнча профсоюз активисттери он жолудан кем эмес кайрылышкан.

Буларды көрүп туруп Асанакунов менен Молдобекованын чындыгында жогору жакта «крышасы» бар окшойт деген жыйынтыкка аргасыз келесиң. Эгер андай болбосо, анда «мончочуну» эбак эле темир тор артына камап коюшмак. Мамлекеттик структураларда коррупция жашап, гүлдөп жатат жана «өлүмгө алып келүүчү бул ооруну» эч кимдин токтотууга күчү жетпейт.  

ПФК мүчөлөрү - тамбаевчилер жалааларды жаап, кадыр-барктарына доо келтирип жатышкан Жапаров менен Ташиевге үмүт артып жатабыз. Бийлик  Асанакунов менен Молдобекова сыяктуу алдым-жуттум, принципсиз аткаминерлерди эмес, элди колдосо деген тилектебиз» деп ачык эле айтууда. 

«Мончочунун» жубайы Молдобекованы «Альянс» партиясы депутатыкка алып келди. 2007-жылы Атамбаевдин СДПК фракциясы менен парламентке депутат болуп келген Асанакунов 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келген соң Фарид Ниязов, Абдил Сегизбаев, Албек Ибраимовдордун «менчик» «саунщигине» айланган. «Альянс» партиясы менен депутат болгондордун бири Бишкек сауналары жана мончолору үчүн «сойку кыздарды» топтогон сутенёрша «Мамочка Гульхан». Гүлкан Молдобекова 2015-жылы канайым Раиса Атамбаеванын колдоосу менен СДПК фракциясынан депутат, кийин комитет жетекчиси болгон.

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости