www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Жусупбек Коргонбай уулу "Кумтөр голд компани" ишканасынын айланасындагы чууну иликтөө боюнча депутаттык комиссиянын мүчөсү болду. Бул тууралуу парламенттин жыйынында маалымдалды.

Белгилей кетсек, буга чейин комиссиянын курамына ар бир фракциядан экиден депутат кирген:

"Альянс" фракциясы — Жанар Акаев, Нилуфар Алимжанова;

"Ынтымак" — Марлен Маматалиев, Балбак Түлөбаев;

"Бүтүн Кыргызстан" — Адахан Мадумаров, Исхак Масалиев;

"Ата-Журт Кыргызстан" — Нурлан Шакиев, Надира Нарматова;

"Ишеним" — Марат Мураталиев, Улугбек Ормонов;

"Элдик топ" — Максат Сарыбагышев, Арсланбек Малиев;

Эркин депутаттар — Шайлообек Атазов.

Комиссия бир жарым айдын аралыгында маселени изилдеп чыгып, парламентке маалымат берет.

Эске салсак, Кумтөрдөн казылган 19,2 тонна алтындын аты аталбаган өлкөлөргө сатылышы тууралуу чуу чыккан. Андан тышкары, "Кумтөр голд компани" ишканасынын директору Теңиз Бөлтүрүк кызматтан четтетилген. Башкы прокуратура компанияда коррупциялык схема түзүлүп мамлекетке 1 миллиард сомго жакын зыян келтирилгенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости