www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо министрлигин пара алууга айыптаган Орозбү Ашымбаева менен жолугушту. Ал Ош облусунун жашоочусу.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, О.Ашымбаева социалдык маселелери менен кайрылган.
«Ал негизинен Кара-Кулжа районундагы, Чалма айыл өкмөтүндөгү элди тейлөө үчүн 1 тез жардам унаасын бөлүп берүүнү сурады», - деп айтылат маалыматта.
Ал ошондой эле майыптуулукту аныктоо боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссиянын Ош облустук бөлүмдөрүндө текшерүүдөн өтүү маселесин карап чыгууну суранган. Чалма айыл өкмөтүндөгү таза суу көйгөйү да айтылды.
«Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Орозбү Ашымбаеванын үй-бүлөсүнүн майыптыкты тастыктоо боюнча комиссиядан өтүү иштерине катышуу тапшырмасын берди. Бул маселени жеке көзөмөлүнө алды», - деп айтылат маалыматта.
19-майда Бишкек шаарындагы Эски аянтта Кыргызстанга «Пикап УАЗ Патриот» үлгүсүндөгү 8 санитардык унааны салтанаттуу тапшыруу аземи өттү. Алар Ислам өнүктүрүү банкынын коронавируска каршы күрөшүү багытындагы долбоорунун алкагында алынган.
Салтанаттуу иш-чарада Жылдыз Бакашова сөз сүйлөп жатканда анын жанына аял киши барган. Бирок ал аялды кайгуулчулар четке жетелеп кетишти.
Жылдыз Бакашованын жанына барган аял өзүн Орозкан Ашымбаева деп тааныштырып, Кара-Кулжа районунун тургуну экенин билдирди. «14 балам бар, алардын жетөө майып. Бир адамды пенсияга чыгаруу үчүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү 100 миң сомдон сурап жатышат», - деген ал.
Булак: NazarNews.kg