www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Келишим түзүп, бирок Райымбек Матраимовду камагандары эркекче болбой калды”, - деди NazarNews маалымат агенттигине  саясатчы Жылдызкан Жолдошова. 

--“Азыркы күндө коррупция менен күрөштө тандалма болуп жатканы баарыбызга эле белгилүү. Ал эми Райымбек Матраимов боюнча айтсам экөөбүз Ош облсунунун Кара-Суу районунан болобуз. Ал жердеш иним. Бирок бир дагы иш-чарада же бир чогу бир жерде чай ичип отуруп, баарлашкан эмеспиз. Анын бир тууган агасы Тилек Матраимов Кара-Суу районунун акими катары, депутат болуп турганда көп маселе боюнча баарлаштык. Бир канча көйгөйлөр менен иш алып барып калдык. Ал эми Райымбек Матраимов боюнча мен калыс пикиримди айтып коёюн. “Райымбек Матраимов 700 миллион долларды сыртка алып чыгып кетти” дегендери туура эмес. Тергөөчүлөр далилдеп беришсин. Көптөгөн соода тармагындагы тааныштарым акчаларды банк аркылуу эмес, курьер менен жөнөтүп турушканын айтып жүрүшүшөт. Себеби, акчаны банк аркылуу которсо баары ачыкка чыгып, салыктар көп болот экен. Чыгымдар эсептелип, кымбат болуп кетет дешет. Анан ошол каражаттарды Матраимавду сыртка чыгарып кетти деп жүрүшөт. Бир саясатчы Райымбек Матраимовго “Райым миллон” деген атты ыйгарып койду. Бул Алмазбек Атамбаевден өч алуу максатында ишке ашты десем болот. Мунун аркасы менен Алмазбек Атамбаев менен Сооронбай Жээнбековдун ортосуна от таштады. Анан ошол саясатчы Сооронбай Жээнбековдун колу менен Алмазбек Атамбаевди түрмөгө алып барды. Анан жыйынтыгын көрдү дагы “Райым миллион” деп кайра-кайра айта берсек, Жээнбековду дагы президенттиктен кетирүүгө мүмкүнчүлүк бар экен деген шык пайда болду. Кайрадан дагы бир саясий оюнду баштап койду. Ошентип жок жерден Райымбек Матраимовдун мойнуна 700 миллион долларды илишти. “Райым миллион” деген атты колдонуп Сооронбай Жээнбековду дагы президенттиктен четтетүүгө жетишти. Азыр жаңы бийлик келди, анда дагы токтотпой ошол атты колдонууда. Менин азыркы бийликке айтып коёюн ушул күчтөр силерди дагы Жээнбеков менен Атамбаевди жарга түрткөндөй жарга түртөт. “Райымбек Матраимовду силерге каршы чалма чалабыз” дешет, алардын торуна өзүңөр түшүп калбагыла.

Ал эми ачык айтканда азыркы мамлекет башчы Райымбек Матаримов менен “Мамлекетке 2 миллион сом төлөп, бирок камалбайсың” деген сүйлөшсө керек. Анан Матраимов келишим боюнча каражатты төлөдү. Тилекке каршы акчаны төктүрүп, камап коюшту. Эркектер сүйлөшкөндө сөзсүз “давай эркекче сүйлөшөлү” дешет. Эркекче сүйлөшкөндөн кийин ошол иш эркекче бүтүшү керек болчу. Бул сөзгө турбагандык жана “эркекче” болбой калды. Ал эми соттор кыймылсыз мүлктөр боюнча чечимди көрсөтүп жатса, анда ал соттордун чечими. Кыргызстанда коррупция жолу менен байгындар абдан көп. Мисалы экс-президенттер, Сапар Исаков, Өмүрбек Бабанов, Акылбек Жапаров жана Абылгазив дагы башкалары бар. Булар эмне үчүн төлөбөйт? Эмне үчүн бир тараптуу камалуу башталып жатат? Мен ачуу чындыкты айтсам Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев жаман көрүп жатасыңарбы билбейм. Мен калыстыкты айтам туура жолго түшүп, калыстык, акыйкаттык орносун”, - дейт Жолдошова.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости