www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жапаров, Ташиев жана Келдибеков үчөөнүн мамилеси абдан жакшы”, - деди NazarNews маалымат агенттигине  саясатчы Жылдызкан Жолдошова. 

--“Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков үчөөнүн тирешүүсү жок, мамилелери жакшы эле. Үчөөнүн бөлүп карай албайсыңда. Булар 2007-жылы депутат болушту. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясы менен мен болуп чогу парламентке депутат болуп бардык. Абдан күчтүү топ түзүлдү. Азыр мен “кут” конду деп жазсам туура эмес деп айрымдар сындашат. Жок “кут” дагы адам баласына буйрусун деп айтылат. Ошондой кут 3 жолу келди. Мына Ахматбек Келдибековду Алмазбек Атамбаев алтын саатын жана чайын даярдап чакырган. Ошондо Келдибеков “Алмазбек Шаршенович рахмат, чайыңызга жана сыйыңызга. Менин досторум Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовду мыйзамсыз камап койдуңуз” деп барбай койгон. Бул жигитчилик. Мына ошолорго катуу туруп бергендиги үчүн Атамбаевдер Келдибековго жалган жалаа жаап кызматтан алып түшүргөн. Кайра Эсептөө палатасы аябай текшерип, жыйынтыгында эч нерсе таппай койгон. Ошондо эсептөө палатысынын төрайымы Элмира Ибраимова “эч нерсе табылган жок” деп жазганда, аны дагы ошол  бийлик мыйзамсыз кызматтан алган. Мен азыр айтайын дегеним Кыргызстанда мыкты, чындыкты туу туткан, адамгерчилиги бийик адамдар көп. Бирок бийликке келген адамды куу, эч кимге эч нерсе ыраа көрбөгөн адамдар ороп, чырмап алышат. Ошолор анын башын айлантып, өз саясатын жүргүзөт. Жакында эле Алмазбек Атамбаев дагы сотто “куу, өз кызыкчылыгын көздөгөн адамдар бийликтеги адамды чырмап, ороп алат экен. Убагында Аскар Акаевди, Курманбек Бакиевди жана мени чырмап алып, башыбызды айлантышты. Ошолорго окшогон кошоматчылар Садыр Жапаровдун айланасында жүрөт. Аны дагы жарга түртүп жиберишпесе экен” деди. Ошондуктан Ахматбек Келдибековду “саткын” десеңер анда жаңылышасыңар. 3 миллион доллар алган деп айтышууда, бул дагы жалган. Мен жакшы билем, булар кандай болбосун үчөө жакын дос. Урматтуу мекендештер, ушуга окшогон жалган жалаага ишенбегиле. Бузукулар үч достун ортосуна от салып жатышат. Сырттагы чагымчылдар көрө албай ар кандай тасмаларды таратууда. Андыктан мен эжеңер катары үчөөңөргө айтайын ынтымакта чогу болгула. Садыр Жапаров, Камчыбек Ташиев жана Ахматбек Келдибеков инилерим чагымчыл күчтөргө алдырбагыла. Элдин жүгүн чогу көтөрүп, акыйкат иш алып баргыла”, - дейт Жолдошова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости