www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Винницада биринчи жолу кыргыз-украин бизнес форуму өттү

3-5-февраль күндөрү Украинанын Винница шаарында биринчи кыргыз-украин бизнес форуму өттү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, иш-чара Кыргызстандын Украинадагы  элчилиги, Соода-өнөр жай палатасынын украинадагы өкүлчүлүгү, Украинанын Соода-өнөр жай палатасы жана жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясы менен биргеликте уюштурулду. Элчи Жусуп Шарипов Кыргызстандын инвестициялык абалы жана жеңил өнөр жайдын өнүгүүсү жөнүндө маалымат берип, украиналык компанияларды улуттук экономикага инвестиция жасоого жана кыргыз өнөктөштөр менен биргелешкен өндүрүш ишканаларды ачууга үндөдү.

«Украинанын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын президенти Т.Изовит Украинанын жеңил өнөр-жай тармагынын потенциалы жана өнүгүүсү жөнүндө презентация жасады. Ошондой эле катышуучулар Кыргызстандын жана Украинанын эки тараптуу өнөктөшүүсүндө ийгиликтерди жаратуучу келечектеги алдыңкы долбоорлор жөнүндө маалыматтарды айтып беришти», - деп айтылат маалыматта.

Форумдун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын «ЖИА» бизнес-ассоциациясы менен Украинанын жеңил өнөр жай ишканаларынын ассоциациясынын ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости