www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Вице-спикер инисин жумушка коюуну суранганы айтылды

Жогорку Кеңештин 29-июнундагы жыйынында өкмөт маалымат берип жаткан чакта бир катар депутаттар Энергетика министрлигин жана анын жетекчиси Доскул Бекмурзаевди сындашты.

Анда берилген тапшырмалар убагында аткарылбай, чара көрүлбөгөнү тууралуу доомат айтылды. Министр муну өзү башкарган мекеменин каражаты, мүмкүнчүлүгү чектелүү экени, энергетика тармагында абалдын оордугу менен түшүндүргөнгө аракет кылды.

Талкууда Бекмурзаев менен вице-спикер Нурбек Сыдыгалиевдин ортосунда кайым айтыш чыкты. Депутат атайын комиссия түзүп, бул министрликти иликтеп чыгууну сунуштады.

Өкмөттүн өкүлү болсо Сыдыгалиев инисин жумушка коюу тууралуу суранганын жарыялады.

"Биздин каршылыгыбыз жок, текшериңиздер. Мен ачуу чындыкты айтып коеюн. Бул жерде жеке кызыкчылыкты көздөгөн адамдар жумушун тарта албай койгон инилерин кызматка коюп бер дегендердин айынан кысымчылык чыгып жатат. Мына, Нурбек мырза (Сыдыгалиев -ред) отурат. Иниси "Чакан ГЭСте" иштеген. Жумушту тарта албай жатканынан иштен алып салганбыз", - деди ал.

Сыдыгалиев тууганын жумушка алуу тууралуу бир жыл мурда айтканын, бирок ошондон бери суранбаганын билдирип, дооматтарды четке какты.

"Бирөөнүн жумушту тарта албай жатканын айткандын ордуна өзүңүздүн деңгээлиңизди билип алыңыз. Сиздин деңгээлиңиз райондогу РЭСтин башчысынын деңгээли. Ушундан улам кызматкерлер, адистер жумуштан кетип калып жатат".

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Бекмурзаевге айтылган дооматтар териштирилерин айтты.

Доскул Бекмурзаев бул кызматка туура бир жыл мурда дайындалган.

Последние новости