www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиянын президенти Владимир Путин өлкөнүн коопсуздугун түзө турган өнүккөн куралдарды чыгарууну улантышарын айтты. Бул тууралуу трт.нет билдирди. 

Путин орус деңиз флотуна таандык «Советтер союзунун флотунан адмирал Горшков» аттуу фрегаттын кызматын баштоо аземине онлайн  катышты. Аземге Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу жана кеменин командири Игорь Крахмаль да катышты.

Фрегаттын алыскы сапарын бүгүн баштай тургандыгын айткан Путин : «Кеме окшошу жок деңиздеги "Циркон" гиперүндүү ракеталык системасы жана башка акыркы муундагы куралдар менен жабдылган», -деди.

Сөзү болгон курал системаларынын дүйнөнүн эч бир өлкөсүндө жок экендигин айткан Путин мындай куралдардын Россияны потенциалдуу тышкы коркунучтардан коргоой тургандыгын белгиледи.

Путин : «Куралдуу күчтөрдүн согуштук потенциалын өнүктүрүүнү, алдыбыздагы жылдарда Россиянын коопсуздугун коргой турган алдыңкы курал - жарактарды жана жабдууларды чыгарууну улантабыз», - деди.

Коргоо министри Шойгу да кеменин «Циркон» гиперүндүү ракеталары менен Жер Ортолук деңизде, ошондой эле Атлантика жана Индия океандарында узак деңиз саякатына чыга турганын билдирди.

Кеменин деңизде жана кургактыкта душманга так жана күчтүү чабуул жасоо мүмкүнчүлүгүнө ээ экенин белгилеген Шойгу гиперүндүү ракеталардын өнүккөн абадан коргонуу жана ракетадан коргонуу системаларын жеңе ала турганына басым жасады.

Последние новости