www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Режеп Таййип Эрдоган Түркия кылымын улут менен бирге кура тургандарын айтты.

Президент Эрдоган, лидери болгон Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (АК Партия) Түркия Улуу Улуттук  Жыйынындагы(ТУУЖ) фракциялык жыйналышында сөз сүйлөдү.

Сөзүндө иш жана кызмат саясатын баса белгилеген Эрдоган, Кара деңиздеги жаңы ачылыштар менен жаратылыш газ запастарын 710 миллиард метр кубга жеткиргендерин, жаратылыш газынын биринчи фазасын март айынын аягында ишке киргизе тургандарын айтты.

Эрдоган Адана жана Жизредеги акыркы ачылыштар менен мунай өндүрүшүн олуттуу түрдө жогорулаткандарын айтты.

ТОGG электр унаасынын заводун куруу менен ата мекендик долбоорду ишке ашырышкандарын баса белгилеген Эрдоган, айлана-чөйрө жана шаар куруу жагынан дүйнөнүн эң чоң массалык турак жай долбоорлорунун бири болгон кампанияны баштагандарын айтты.

Эрдоган жарандарды экономикалык жактан жеңилдетүү үчүн кадам таштагандарын жана мындан ары да уланта тургандарын билдирди.

Эрдоган коргонуу өнөр жайында иштелип чыккан ракеталар, учкучсуз учуучу аппараттар жана учкучсуз согуштук учак Кызылелма дүйнөдө чоң таасир калтырганын айтты.

Түркияны инвестиция, иш менен камсыз кылуу жана экспорт менен өстүрүүнү уланта тургандарын баса белгилеген президент:«Биз демократиябызды бекемдейбиз, эзилгендердин үнү, жабырлануучулардын үмүтү катары өлкөбүздү көтөрө беребиз. Түркия кылымын улутубуз менен бирге курабыз»,-деди.

Последние новости