www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

SpaceX жана Twitter компанияларынын ээси Илон Маск Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) бийликтери Твиттердеги 250 000 аккаунттун жабылышын талап кылып жатканын жарыялады. Бул маалыматты трт.нет жазып чыкты.

Маск «Twitter Files» деген ат менен жүргүзгөн жарыянын 11-син эркин журналист Мэтт Тайбби аркылуу ачып берди.

Тайббинин постун бөлүшкөн Маск: «АКШ бийликтери 250 миң аккаунтту, анын ичинде журналисттерди жана канадалык расмий адамдарды жабууну талап кылды»-деди.

Журналист Тайбби АКШнын Глобалдык өз ара аракеттенүү борборунун (GEC) отчетунун АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин (DHS) маалыматтарына таянганына көңүл буруп, жабылышы талап кылынган эсептердин арасында «2 же андан көп» расмий эсептердин да бар экенин белгиледи.

Илон Маск бир канча убакыттан бери Твиттердин мурдагы администрациясынын ички кат алышууларын бир топ журналисттер менен бөлүшүү аркылуу ачып келет.

Твиттердин жаңы менеджери жана көз карандысыз журналисттери тарабынан «Твиттер файлдары» деп аталган бул твиттер сериясы Твиттердин мурдагы администрациясынын саясий көз караштарынан улам бир жактуу түрдө мазмунга кийлигишкенин ачыкка чыгарат.

Буга чейин жасалган ачыктоодо, АКШнын президенти Жо Байдендин командасынын талабы боюнча шайлоо процессинде пайда болгон Байдендин уулу Хантер Байденге таандык маалыматтардын цензурасы, Трамптын аккаунтунун убактылуу токтотулушу, ошондой эле Твиттердин мурдагы администрациясы Америкалык аскерлердин Жакынкы Чыгыштагы манипуляцияларына курал болгону да ачыкка чыккан болчу.

Последние новости