www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франция өкмөтү парацетамолду дарыны жеткирүүдөгү көйгөйлөрдөн улам январдын аягына чейин онлайн сатууга тыюу салды. Бул тууралуу Zamon.uz сайты билдирди.
"Бир гана парацетамол дарысын онлайн сатуу 2023-жылдын 31-январына чейин токтотулду", - деп айтылат өкмөттүн билдирүүсүндө.
Францияда алты айдан ашык убакыттан беридары-дармектерди жеткирүүгө байланыштуу чыңалган кырдаал уланып жатканы, бул балдардын дарыларына да тиешелүү экендиги белгиленген.
Буга чейин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму сасык тумоонун, респиратордук синцитиалдык вирустун жана коронавирустун кышкы толкунунан улам парацетамол сыяктуу жалпы ооруну басаңдатуучу дарыларга суроо-талаптын көбөйүп, жетишсиздигин билдирген. Мындан тышкары антибиотиктердин, атап айтканда пенициллин менен амоксициллиндин жетишсиздиги күчөгөн.