www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чырдын чемпиону Динара Исаева деген моймолжуган сулуу бар. Моймолжубай кара жерге кирсин учурунда «Ата-Журт» партиясынын лидери Ташиевдин таш-талканын чыгарып ийе жаздаган. Ал аял эмеспи деп теңелген эмес. Бирок эркек Алтынбек Сулайманов жекеме-жекеге чыкканда, жекеме -жеке эмес, досу экөөнө жалгыз чыкканда экөөнүн тең мурдун канжалатып кеткен. Динара Исаева мурдун канжалатканга жеткен эмес. Ал ансыз деле күйөөсүн сагынып: «Сагынганда бир келерсиң» деп шорлоп жүргөн. Күйөөсү жолобой койду, ошол жактан дагы бир сулууну чаап алды деген каңшаар угулган. Динара айым ары карап ыйлап, бери карап күлүп жүргөн кези, экөөнүн ортосунда официалдуу нике бузулбагандан кийин балким сотко бергендин удулун күтүп жаткандыр.

Экс- премьер министр Динара Исаевага "заочно" талак берип, Жаныш Бакиевдин балдызы Саулеге үйлөнгөн. Камчыбек Ташиевдин"Ата Журт" партиясын 500000 миң долларга сатып, Бабановдун "Республика" партиясына өтө качкан "геморрой" депутат бар. Бир учурда аферисттик жол менен Данияр Үсөновдун татынакай үй бүлөсүн бузуп, башын айлантып ага нике кыйып алган. Бакиевдин ишенимдүү "любимчиги" Данияр Үсөнов биринчи вице премьер, Бишкектин мэри сыяктуу май талкандуу жерде иштеген. Анын кызматынан пайдаланып Динара Исаева Бишкекте далай жер участокторун мыйзамсыз менчиктештирип алган. Учурда жылдан бери Бакиевдин премьер министри Данияр Үсөнов сот жообунан качып чет мамлекетте жүрөт. Аны менен Кыргызстанды чогуу күйшөгөн депутат Динара Исаевага "заочно" талак берип, Жаныш Бакиевдин балдызы Саулеге үйлөндү. Ызасына чыдабаган Жогорку Кеңештин депутаты Динара Исаева Данияр Үсөновдун мурунку аялы алган жерди талашып, мурунку аялынын балдары менен акыйлашып жаткан учуру. Премьер министр болуп туруп Данияр Үсөнов Максим Бакиевдин тили менен кошо тегеренип ТЭЦ,ГЭС сыяктууларды менчикке чыгарып, электр жарыгын кымбаттатканы үчүн эл толкуп бийлик алмашкан. Динара Исаева кандай мыйзамсыз иштерге барганы тууралуу такталып жатат. Данияр Үсөнов экөө түзгөн коррупциялык схема тууралуу кенен сөз кылмакчыбыз.

Камчыбек Ташиев акыркы мезгилде бириктирүүнүн символу болуп келатат. Ал деле бийликке бара турган тепкичтерди басып өткөн. Бир учурда Садыр Жапаров экөө Аламүдүндө бейбаш балдарды талкалап аты чыккан. Андан соң Мелис Эшимкановду «уктатып» койгону бар. Данияр Үсөнов премьер-министр болгон соң Максим Бакиевдин таманын жалап Камчыбек Ташиевди ӨКМ министринен кетирген. Эшикти тарс чыгып кеткени менен Камчыбек Ташиевдин ичинде кусаматы калыптыр. «Ата-Журт» партиясына кошулуп аферисттик жол менен депутат болгон Данияр Үсөновдун ал кездеги жубайы Динара Исаевани парламентке жолотпойм деп Ташиевдин бир топ чарпылганын билебиз. Убакыт өттү Данияр Үсөнов Динара Исаеваны садага чаап, сыртынан талак берип жапжаш сулуу Саулеге үйлөнүп алыптыр дешет. Ал да оңбогон кыз экен, эжеси Жаныш Бакиевди чапчып алыптыр. Эми Даникебиз Жаныш мырза менен «баш тырмашып» бажа болуптур. Бажалыгы кут болсун, бирок экөө бир убакта Камчыбек Ташиевди бийликке жолотпой койгону менен ага «бакиевчил» деген клеймо жабышып жүрөт. Ошого карабай Бабановдун «Республика» партиясы менен биригип РАЖ партиясын түзгөн. Шайлоодо анын бутунан чалып Динара Исаева жарым миллион доллар жыттатта коюп, Бабановдун колтугуна кирсе, камакта чогуу жаткан Талант Мамытову менен аферанын анатомиясын ,Үсөн акенин далдоосунда кенен үйрөнгөн Бакыт Сыдыков экөө сатып кетишкен. 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

 

 

Последние новости