www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин дүйнөлүк коомчулукта Россиянын президенти  Владимир Путин тууралуу ар кандай сөздөр айтылып келген эле. Айрыкча Украинадагы саясий кырдаалдардан кийин анын аброю тууралуу аӊыз кептер көбөйгөн болчу. Биз бүгүн анын балалык чагы, окуучулук күндөрү, жеке турмушу, мамлекеттик эӊ жогорку кызматка келген учуру тууралуу кеп козгомокчубуз. 

Спортко кызыккан тентек окуучу 

-Мен капарпайым эле үй-бүлөдө чоӊойгом. Турмушубуз деле эл катары болчу. Апам абдан акылдуу аял эле. Бизге дайыма котлет, куймак жасап бергенден тажачу эмес. Эс алуу күндөрүндө, же майрамдарда капуста, эт, күрүч кошулган пирожки жасап бергени эч эсимден кетпейт. Чындыгында апам дзюдо менен машыкканыма каршы болчу. Качан болбосун мен машыгууга жөнөп калган учурда:

“Дагы баягы мушташканыӊа барганы калдыӊбы?” - деп нааразы болуп калчу эле. Акыры машыктыруучу агайым спорттун ден-соолукка пайдалуулугун түшүндүрүп анан мени дайым жиберип туруусун айтып макулдугун алгандан кийин гана апам мурдагыдай кийлигишпей калды, - деп эскерет президент балалык чагына кайрылып.

Атасы Владимир Спиридонович-Санкт-Петербург шаарында 1911-жылы туулган. Экинчи дүйнөлүк согуштун катышуучусу. Ал 1950-жылдары вагон чыгаруучу заводдун кароолчусу, андан соӊ мастер болуп эмгектенген. 

Экинчи дүйнөлүк согуш башталганда бул шаарда ачарчылык өкүм сүргөндүктөн Владимир Спиридонович үй-бүлөсү менен Тверь областындагы Поминово кыштагына көчүп кеткен. Бул кыштак президенттин чоӊ атасынын кичи мекени болгон. Президенттин айтымында мына ушул жерден ата-энеси таанышып экөө теӊ 17 жашында үйлөнүшүптүр.

Учурда президент кээде туугандары менен ошол кыштакка барып эс алып турат экен. Согуш аяктагандан кийин Путиндердин үй-бүлөсү кайра Санкт-Петербург шаарына көчүп келишип лифтиси жок квартиранын 5-кабатында жашашыптыр. 1960-1968-жылдары В.Путин Санкт-Петербург шаарындагы №193-орто мектепте окуган. Аталган мектептен 8-классты аяктаган соӊ №281-мектепке которулганда химия предметине багытталган билим алып, бул мектепти 1970-жылы аяктаган.

Биринчи мугалими Вера Дмитриевна: “Пионер боло элек кезинде тентек эле. 5-класста сабакты жакшы окугандыктан тилге болгон кызыгуусун, акылы тунуктугун, эске тутуу жөндөмүнүн күчтүүлүгүн байкачумун. Кийин бул баладан “бир нерсе” чыгат деп көз салып “көчө балдары” менен сүйлөшүүсүнө мүмкүндүк бербеш керек экендигине аракет кыла баштадым. 6-класстан болсо анын окууга болгон кызыкчылыгы байкалган эмес” деген экен келечектеги президент тууралуу эскерүүсүндө.

Бул тууралуу президент өзү: “Ал учурда спортко болгон кызыгуум аябай арта баштаган. Бирок мунун көбүрөөк таасири тийгендиктен сабакты кайра жакшы окуй баштадым” деп окуучулук күндөрүн эскерет. В.Путин пионерге кабыл алынгандан кийин тез эле отряддык кеӊештин төрагасы болгон. Бул учурда спортко көп көӊүл бөлсө да сабактарын жакшы өздөштүрүп  баардыгына жетишип турган. 

Путин стюардесса кыздын жүрөгүн багынтып...
 

1980-жылы  президенттин жеке турмушунда өзгөчө бурулуш окуя болуп Аркадий деген досу аркылуу жубайы Людмила менен таанышып калат. Людмила ал учурда стюардесса болуп иштечү. Эӊ алгачкы жолугушуу болсо да эмнегедир эки жаштын жылдызы келишип бири-бирин тымызын жактырып калышат. Мындай бактылуу көз ирмемдерин Людмила Путинанын:

“Экөөбүз таанышкандан кийин үч-төрт айдын аралыгында анын мага болгон кызыгуусун байкадым. Анан бул адам мага керек экендигин билдим” деп эскергендиги айтылат. Арадан үч жыл өткөн соӊ В.Путин ага үйлөнүү тууралуу оюн билдирип:

“Эгер мен дагы эки-үч жылдын аралыгында үйлөнбөсөм анда таптакыр үйлөнбөйм” деп айткан экен. Ошентип, экөө 1980-жылы 28-июлда баш кошушкан. В.Путин 1985-жылы Германияга кетээрдин алдында Мария аттуу кыздуу болгон. Экинчи кызы Катерина 1986-жылы Берлин шаарында төрөлгөн. Кыздарга чоӊ апасы менен таенесинин аттары коюлган. 

Ельциндин эки сунушу

1999-жылы В.Путин РФнын Өкмөт башчысы болуп шайланат. В.Путин:

“Броис Николаевич экөөбүз жолукканда мени премьер-министр кылуу тууралуу оюн билдирди. Алдыны көрө билген мамлекеттик кызматкер экендигиме ишенерин айтты. Мен ал учурда мамлекеттик кызматтарда такшалып калгандыктан анын сунушун туура кабыл аларымды сыймыктануу менен айттым” деп эскериптир президенттик кызматка бир тепкич кадам койгон учуру тууралуу.

Акыры 2000-жылы Б.Ельцин ага президенттин милдетин сунуштайт. Мындай күтүүсүз сунуш тууралуу ал:

“Президент мени Жаӊы жылга эки жума убакыт калганда атайын иш бөлмөсүнө чакырып алып, президенттик тактыдан кете тургандыгын айтты. Алгач менде бул иш колумдан келеби, же келбейби деген кооптонуу болду. Алдыда мени чоӊ жоопкерчилик күтүп тургандыктан президенттин сунушун көпкө чейин ойлонуп анан кабыл алууга макул болдум” деп эскерет чоӊ державанын эки тизгин бир чылбырын колго алып жаткан өмүрүндөгү эӊ кубанычтуу күнүн эстеп. Ошентип, 2000-жылы В.Путин РФнын Президенти болуп шайланат. Ал ант берүү аземинде:

“Биздин бардык көздөгөн максатыбыз бир. Россия эркин, бай, күчтүү, цивилизациялуу өлкө болушун каалайбыз. Биздин жарандарыбызды эл сыйлаган жана бүткүл дүйнө урматтай турган мамлекетке айлантам” деп ант берген. Ал ошондо баарынан өз өлкөсүнүн кызыкчылыгын жогору коёрун баса белгилеп өткөн. Акырында Россиянын кызыкчылыгы тышкы саясатта  “өтө жогору” болуп жатканына жана дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү Россияны канчалык деӊгээлде “урматтай” турганына өзүӊүздөр деле күбө болуп жатсаӊыздар керек. 

Алина Кабаева менен...

Владимир Путин Алина Кабаева менен 2006-жылдан тартып тааныш. Президент бул гимнаст спортчуга сыйлык тапшырганда экөө таанышып калышкан. 2009-жылы ММКлар  Путинден Дмитрий аттуу уулу жана бир кызы бар деп жазып чыгышкан. Путин 2013-жылы 6-июнда 30 жылга чукул жашаган аялы менен ажырашкан. Мунун себебин аялы: “Путин мамлекеттик иштер менен алаксып үй-бүлөсүнө көӊүл бурбай калды” деп түшүндүрөт. 

Булак: Нурислам   КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости