www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Владимир Путин VI Каспий саммитинин мамлекет башчылары катышкан жыйында сөз сүйлөдү.
Анын сөзүндөгү урунттуу учурлар:
Орусия "Каспий бештиги" менен саясат, коопсуздук, экономика жана айлана-чөйрөнү коргоо, ошондой эле гуманитардык багыттар боюнча өнөктөштүктү колдоп келет;
"Каспий бештигинин" энергетика тармагында кызматташуу боюнча чоң мүмкүнчүлүктөрү бар. Каспий деңизинин акваториясында мунай жана газ кендерин биргелешип иштетүү боюнча келишимдер ишке ашырылып жатат. Бул тараптардын кызыкчылыктарын эске алуу менен деңиздин байлыктарын энергетика тармагында негиздүү жана натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк берет;
аймактын транспорттук-логистикалык архитектурасын жакшыртуу боюнча көп иштер жасалышы керек. Биринчи кезекте Түндүк — Түштүк эл аралык транспорт коридорун куруу тууралуу кеп болуп жатат. Анын узундугу (7 200 чакырым) Санкт-Петербургдан Иран менен Индиянын портторуна чейин барат;
аймактагы адамдардын жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүн болгон табигый техногендик окуяларга жана кубулуштарга чара көрүү үчүн биргелешкен аракеттерди көрүү зарыл;
Орусиянын кинематографисттер союзу Каспий кинофорумун өткөрүүнү сунуштап жатат. Бул колдоого алына турчу идея;
аймакта туризмди өнүктүргөн оң. Кийинки жылы Каспийдеги биринчи ири круиздик "Петр Биринчи" лайнери пайдаланууга берилет.