www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Американын Washington Post гезити очогу Кахраманмарашта болгон жана 10 облуска таасирин тийгизген 7,7 жана 7,6 баллдык жер титирөөлөрдүн «жүздөгөн жылдардан бери топтолгон басымдын чыгышынын» натыйжасында болгон болушу мүмкүн деген баага орун берди. Бул тууралуу трт.нет жазып чыкты.
АКШнын Геологиялык кызматынын (USGS) маалыматына жана эксперттик корутундуга таянган гезиттин кабарында Түркия жана Сирияда көп сандаган адамдын өлүмүнө себеп болгон жер титирөөлөр аймакка жана бүткүл дүйнөгө да сезилгенине көңүл бурулган.
Жер титирөөдөн кийин USGS тарабынан жарыяланган анализде, Чыгыш Анадолу жаракасы боюнча Анадолу жана Араб плиталарынын тайып, бири-бирине сүрүлүп, катастрофалык тайгалануулардын улам барган сайын күчөгөн басымына себеп болгондугу белгиленди.
Анализде, USGS 7,8 балл деп жарыялаган биринчи жер титирөөнүн «жүздөгөн жылдар бою топтолгон басымды бошотуунун» натыйжасында капталдан жылып же тайгалануучу жаракалардын кыймылдары менен шартталганы белгиленди.
Кабарда көз караштары орун алган сейсмолог жана изилдөөчү Жудит Хаббард жер титирөөгө себеп болгон басымдын топтолуусунун 300 жылга чейин созулушу мүмкүн экенин болжолдоду.
USGS маалыматына ылайык, бул жер титирөөдөн кийин Анадолу жана Араб плиталары 3-3,5 метрге жылып кеткен.
USGS негизги жер титирөөдөн кийин бир нече жума же айлар бою кайра-кайра кайталанып турган жер титирөөлөрдүн болушу кадыресе көрүнүш экенин жана алар убакыттын өтүшү менен интенсивдүүлүгү, узактыгы жана жыштыгы азаят деп белгиледи.