www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

WhatsApp мессенджери колдонуучуларга жаңы эрежелерден баш тарткан учурда санкцияларды колдонот. Бул тууралуу техникалык колдоо сайтындагы билдирүүдө айтылат.

WhatsApp өзүнүн саясатынын жаңыланган жоболорун кабыл албагандарга билдирүүлөрдү жөнөтүү жана окуу мүмкүнчүлүгүн 15-майга чейин чектейт. Жаңы эрежелерге ылайык, колдонуучулар Facebook менен маалымат бөлүшүшү керек.

«Эгерде сиз аларды ушул убакка чейин кабыл албасаңыз, анда WhatsApp аккаунтуңузду өчүрбөйт, бирок өзгөртүүлөр кабыл алынганга чейин WhatsApp аккаунтуңуздун иштеши чектелет. Кыска убакыттын ичинде сиз чалууларды жана эскертмелерди кабыл ала аласыз, бирок тиркемедеги билдирүүлөрдү окуп, кат жөнөтө албайсыз»,— деп айтылат билдирүүдө.

TechCrunch интернет порталынын маалыматы боюнча, колдонуучунун аккаунттары тиркемени акыркы жолу колдонгондон 120 күндөн кийин жок кылынат.

Акыркы мезгилде WhatsApp дүйнө жүзү боюнча 30 миллион колдонуучусун жоготту. Бул колдонуучулар тиркеме үчүн жаңыланган пайдалануу шарттарын терс баалагандыгына байланыштуу. Жаңы версиясында мессенджер башкы компания Facebook менен маалымат бөлүшө баштай тургандыгын жарыялаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости