www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Социалдык тармактарда тажик күч түзүмдөрү тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарынын кармалышы жана аларды барымтага алынышы жөнүндө маалымат чындыкка дал келбейт жана фейк. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматы 2021-жылдын 16-февралында Кыргызстандын 5 жараны Тажикстандын аймагында мамлекеттик чек араны бузгандыгы үчүн кармалгандыгын маалымдайт.
Такталгандай, Кыргызстандын беш жараны Тажикстандын аймагынан мыйзамсыз түрдө 900 кг металл, 2 баш бодо мал жана 3 баш майда малдарды ташып кетүүгө аракет кылып жатып, Тажикстандын күч түзүмдөрү тарабынан мыйзамсыз өтүп жаткан учурунда кармалган. Бул жарандарга карата тажикстандык күч түзүмдөрү тарабынан тергөө иш-чараларын жүргүзүп жатат.
«Учурда бул жарандарды Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүүдө жана Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал азырынча туруктуу деп мүнөздөгө болот», - деп айтылат маалыматта.
Булак: NazarNews.kg