www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте 15 жаштагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген кызды үч өспүрүм зордуктаган. Бул тууралуу адвокат Шердор Абдыкадыров айрым маалымат булатктарына билдирген. 

Анын айтымында, окуя 2020-жылдын сентябрь айында болгон.

15 жаштагы кыз дүлөйлөрдүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында окуйт.

“Кызды дагы бир дүлөйлөрдүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатында окуган 17 (экөө) жана 18 жаштагы үч бала зордуктаган. Бул окуя кыздын үйүндө апасы жумушта жүргөндө болгон. Балдардын тарбиячысында балдардын кызды коркутуп жаткан видеосу бар. Алар кызды бул жөнүндө эч кимге айтпа, болбосо «сага жана сенин апаңа зыян келтиребиз»,- деп коркутушкан”,— деди ал.

Адвокат кыздын апасы 2020-жылдын ноябрь айында укук коргоо органдарына кайрылгандыгын баса белгиледи.

«Бирок ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок»,— деди адвокат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости