www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңштин эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев эс алуу күндөрү Бишкек шаарындагы карылар үйүнөн кабар алганын соцтармактагы баракчасы аркылуу жазып чыкты.

-- Бүгүн карылар үйүнө барып жагымсыз жагдайга туш болдум. Анткени аталган мекемеде жалпысынын 95 ата-эне күн кечирип келет. Ону башка улуттун өкүлдөрү болсо тилекке каршы 85и кыргыз улутундагы ата-энелер экени чындыгында аябай жүрөгүмдү оорутту.

Ар бир ата-эне бала таап, чоңойткондо өзү жебей “балам жесин” деп бар жашоосун бала үчүн арнап төрүндө отура турган кезде талаада калганы жагымсыз көрүнүш эмей эмне.

Ал эми стационарга таштап эле кетпестен, пенсиясын алып жеп отурган эр азаматтардын абийирин кечирүү мүмкүн эмес. Ата-эне ошондо да балама болсун деп пенсиясын берип, багып отурганын көргөндө жүрөгүм ооруду.

Ата-эненин ыраазычылыгысыз бул жашоонун жыргалчылыгын көрбөйбүз жана акыретте бейиштин жытын да жыттай албайбыз достор. Ата-эне бул бир нерсе менен ченелип, эч нерсе менен баалангыс байлык, бийлик, дөөлөт!

Мамлекеттик идеологияны күчөтүп, мындай кечирилгис жоруктарды жоготуу керекпиз. Буюрса, мындай тескери көрүнүш боюнча да алдыда алгылыктуу кадамдарды жасайбыз,  - дейт эл өкүлү Жеңишбек Токторбаев.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости