www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жанузак Туран уулу «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фонду» коомдук фондунун төрагасы болуп дайындалды. Аталган фонд 2014-жылы КР президентинин аппаратынын буйругу менен түзүлгөн.

Тиешелүү чечим фонддун байкоочу кеңеши тарабынан кабыл алынды.

Жанузак Туран уулу 1996-жылы 6-декабрда Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Чымкент айылында туулган.

2019-жылы Ош мамлекеттик университетинин теология факультетин, ал эми 2021-жылы Йылдырым Баязет (Түркия) атындагы Анкара университетинин социалдык илимдер боюнча магистратурасын аяктаган.

Үй-бүлөлүү, эки кыздын атасы.

Эмгек ишмердүүлүгү:

  • 2021-2022-жылдары И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде окутуучу;
  • 2022-жылы «Ыйман» диний маданиятты өнүктүрүү фондунун штаттагы кызматкери;
  • 2022-жылдын августунан 2024-жылдын майына чейин Кыргызстандагы Эмират эл аралык кайрымдуулук уюмунун эксперти.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости